Руслан Акматбек: “Карантинден кийин көп ишканалар жумушчуларды кыскартууда”
-- Ишкерлер боюнча дайыма көйгөйлөрдү көтөрүп жүрөсүз, азыркы акыбал кандай, өкмөт сүйөп-таяп жатабы?
-- Азыр ишкерлердин көбүндө карантинден кийин иш активдүүлүгү түшүп кетти. Кардарлар учурда кафеге, базарларга барсамбы-барбасамбы (?) деген эки ойдо турушат. Сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү да чектелип калды. Чектөөлөр эми азайгансып, жашоо агымы жаңы башталууда. Ошондуктан экономикага жан кире элек. Бул өлкө ичинде-сыртында дагы, башка мамлекеттер менен байланыштар болбой, көп нерсе күчүнө кире албай, алсыз акыбалда. Көп ишканалар азыр жумушчуларды кыскартып жатышат. Жумушсуздуктун саны дагы көбөйдү. Ишкерлер кантсин, өздөрү пландарын, ойлогон ойлорун, максаттарын ишке ашыра албай кыйынчылыкта отурушат. Себеби, доллардын курсу көтөрүлүп кетти. Көпчүлүгү ижарада турушат. Ижаранын көбү доллар менен болгондуктан, ишкерлердин көпчүлүгүнө кыйын болууда. Сатып алуу, түгөтүү, кызматты колдонуу экономиканын кыймылдаткычы да. Булардын баары токтоп, ишкерлер өз арабасын өздөрү кылдыратып, айтор, оор эле абалда.
-- Экспорт менен иштегендерге андан оор болсо керек?
-- Тышкы соода менен алектенгендердин иши токтогонуна канча айдын жүзү болду? Айрыкча биз айыл чарба азыктарын экспорттойбуз да. Айыл чарба азыктары дагы бышып жетилгиче кадимки калыпка түшүп каларбыз (!) деген үмүт менен күн кечиришүүдө. Алдыга эмес, бир топ кадам артка кеттик. Мындайда сиз айткандай, өкмөттүн колдоосу абдан зарыл.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити