Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошуна бакыт тартуулаган атактуу айымдар кимдер болгон?

Жолдошуна бакыт тартуулаган атактуу айымдар кимдер болгон?

26-октябрь, 09:00
753 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркек үчүн жашоодогу эң негизгиси – өз жумушун жана өз аялын табуу. Кээде аялды табуу маанилүүрөк, ал аркылуу эркектин тагдыры ачылат жана эң чоң бакыт – бул бакыт алып келген жар менен таанышуу. Эгер аны жолуктурсаңыз, анда анын канча жашта, сулуулугу, жеңил мүнөзү бар экендиги маанилүү эмес, сизге так ошол аял керек. Анан сиз аны жүрөгүнөн дароо таанып, сүйүп каласыз...

Чөгүп бараткан Титаниктеги эрдиги менен белгилүү болгон Молли Браун өзү жакыр бүлөдөн болгондуктан, бай адамга күйөөгө тийгиси келген. Бирок кийин ал кедей адамды сүйүп калып, ага турмушка чыккан. Ал кезде “биз байлык үчүн чогуу аракет кылышыбыз керек” деп ойлонгон. Ал колунан келгендин баарын жасаса керек, себеби, күйөөсү жашоодо өз ордун таап, жомоктогудай байып кеткен.

Агата Кристи экинчи жолу жаш археологго турмушка чыккан, күйөөсү өзүнөн 16 жаш кичүү болчу. Ал кезде бул көрүнүш болуп көрбөгөндөй өөн көрүнгөн. Агата өзү жаш эмес жана сулуу да эмес болчу. Бирок ал күйөөсүнө чоң бакыт тартуулады: белгисиз археолог Агата кеңеш берген жерде археологиялык казууларды баштап, чоң ийгиликке жеткен. Байыркы падышалыктын калдыктарын таап чыгып, көптөгөн байлыктарды казып, атактуу болуп, бай адамга, кадыр-барктуу илимпозго айланган.

Жозефина Наполеонго ишенимсиз болгонуна карабастан, анын тагдырына ушунчалык зор таасир тийгизгендиктен, жөнөкөй кызматкерден баштап, императорлукка чейин жетип, дүйнөнүн жарымын багындырган. Анан экөө ажырашып кетишкен соң, бакыт Наполеонду таштап кеткен...

Ошентип, эркекке чыныгы бакыт тартуулаган аялдар бар. Мындай аялдар дээрлик баардык эле белгилүү кишилерде болгон. Эң башкысы, өз аялыңызды таап, ага эртерээк үйлөнүү керек. Ал көрсөткөн жерди казыңыз, сөзсүз түрдө алтын кени же башка байлыктарды табасыз. Бакыт, байлык, атак-даңк жана өнүгүп-өсүү өзү эле келет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер