Текебаевдин кылмыш иши кандай өңүттө чечилиши мүмкүн?..
Коомдук пикирдин негизинен алганда, Өмүрбек Текебаев акталышы керек. Буга чейинки сотто келтирилген далилдер, күбөлөрдүн айткандары анын ак экенин ырастап турат. Бирок, “Ата Мекендин” лидерине козголгон кылмыш иши саясатка айланып калганы анык. Мындай шартта “көрсөтмөлөр”, “түшүнүктөр” үстөмдүк кылары шексизби?
Биздин жеке булактын кабарлоосу боюнча, Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн чыгарып жиберүү айрым төбөлдөргө өкүнүч жаратып атканы, кайра камоого негиз жок экени, о.э. актоого да караманча каршы турушканы каңкууланды. Аныгында, баш оору жаратып аткан иштин эки жолу бар экенин эшиттик. Биринчиси, Текебаевдин түрмөгө отурган мөөнөтүн эсептөө менен соттолуучу катары калтырып коюушу мүмкүн. Экинчиси, кылмыш ишин кайра тергөөгө жөнөтөт да, “кайырмакка илүү” ыкмасында кармап турушат. Ыргылжың жолу ушундай.
“Коркконго кош көрүнөт” дегендей, соңку убакта Текебаев саясат айдыңында активдүүлүгүн көрсөтүп атканы, элчилер менен кызматташканы, о.э. бийликти теңине албаган Отунбаева, Мадумаров сыяктуу саясатчылар менен ымалашканы да төбөлдөргө жакпай калыптыр. Бир лакапты жар салып коелу. “Саясатта Текебаевди душман кылсаң түбүңө жетет” дейт. Ары жагы кыйын болуп калды го...
Aryba.kg