Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Президенттик шайлоо эки тур менен аяктайт. Кызыктын баары алдыда...”

Бектур Асанов: “Президенттик шайлоо эки тур менен аяктайт. Кызыктын баары алдыда...”

07-январь, 02:08
1 975 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан бир ай мурун Бектур инибиз менен жолугуп, Кыргызстандын саясый абалы тууралуу баарлашканыбызда, алгач соттук иштери боюнча жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу ойлорун айткан. Бу жолу да ушундай өңүттө маектештик.

-- Бектур иним, акыбалың кандай, соттук иштер эмне болду?

-- Ден соолук жакшы, акыбалым андан жакшы. Соттук иштер президенттик шайлоо башталып кеткенден кийин 18-декабрь күнү Жогорку сот биздин мурдагы чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, шаардын Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөттү. Мындайча айтканда, биздин соттуулугубуз жоюлду. Мындан ары шайлоого катышканга толук кандуу укугубуз бар, буюрса. 

-- Жаңы жылды кимдер менен тостуң? Саясатта эс алайын деген оюң жокпу?

-- Ар жыл сайын жаңы жылды үйдө, үй-бүлөм, бала-бакырам менен тосом. Кээ бир обу жокторго окшоп Дубайда же Мальдив аралдарына барбайм. Быйыл апамды апкелип алгам, мени менен турат. “Саясатта эс алайын деген оюң жокпу?” деп жакшы суроо бердиңиз. Буга чейин бул жөнүндө ойлонуп көрбөпмүн. Негизи саясатта эс алсам жакшы эле болмок. Бирок, Кыргызстандагы кыйчалыш кырдаал, коомдогу талап бизди эс алдырбайт өңдүү. Себеби, эл көзүнө көрүнүп калган адамдардын катарында жүргөндөн кийин бизге ишеним арткан элибизди таштап сала албайт экенбиз. 

-- Президенттик шайлоо кандай маанайда өтөт деп ойлойсуң? 

-- Президенттик шайлоо үгүтү абдан күчүндө жүрүп жатканы байкалат. Ошол эле учурда көпчүлүк талапкерлердин административдик күчү жок, мүмкүнчүлүктөрү тартыш болгонуна карабай, эл алдына чыгып атышат. Интернеттин күчүн колдонуп атканы байкалат. Менин оюмча, президенттик шайлоо эки тур менен аяктайт. Кызыктын баары экинчи турда болот. Бүгүнкү күндө “башкы оппонентибиз биринчи тур менен өтүп кетет” дегенге кошула албайм. Себеби, кечээ эле түштүк жергесинде эл кыдырып келдим. Жөн эле кыдырбай, элдин маанайына талдоо жүргүздүм. Ошол себептен экинчи тур болоруна көзүм жетти. Эми теледебат боюнча кошумчалай кетейин, Садыр Жапаровду 6 миллиондон ашык эл күтүп атат. Мурунку дебатка келбей койгондугу эбегейсиз минус болгону сезилет. Ал эми кечээкисин өзүңүздөр көрдүңөр.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер