Сабыр Мукамбетов: “Текебаев түрмөдө бүрүшүп жатканда ооруканага чыгарткам”
-- Сабыке, досуң Өмүрбек Текебаев кызын турмушка узатыптыр. Кандай тойлодуңар?
-- Ээ Суке, мен барган жокмун. Чакырган жок. Соцтармактан окудум.
-- Кандайча барбайсың? Отуз жыл дос болуп жүрсөңөр, анан сени чакырбай койдубу? Же Турсунбек Акунча чукулабаган жердин баарын ойдуң беле?..
-- Ой, жок. Андай чуу чыкса окуйт элең го? Баягы “карышкыр кой-эчкилер менен дос болмок беле?” деп тамашалап жүргөнүңөр чын окшойт... “Дурайынды” керек болсо түрмөдө бүрүшүп жатканда ооруканага чыгарткам. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдон сурасаңар айтып берет...
-- Деги эмне балээ болду?
-- Жаңы досторду тапкандыр. Бирок, ошол жаш шайлоолош командасы да Өмүкени таштап кетишкенин уктум. Менин иним Бакыт Рысбаев эле калыптыр. Элден чыкканы ушулбу?..
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити