Акыркы кабарлар
» Коом » Акыйкатчы институту шапар тебүүчү жайга айланып баратабы?
Акыйкатчы институту шапар тебүүчү жайга айланып баратабы?
27-февраль, 19:30


Россияда орган кызматкерлеринен кордолгон, катар-катар казча басып, шорлонгон мигранттарыбыздын видеолору соцтармактарга тарап, талкуу жаратып келди. Ал эми укугу тебеленип, камалып, сабалып жатканы канча? Ошол кордук көргөн мекендештерибиздин таламын талашуу үчүн Турсунбек Акун Россияга учуп кетти. Элчилик, консулдук, биздин тийешелүү өкүлдөрүбүздөн сырткары орустар менен жолугушуп, мигранттардын көйгөйүн жеңилдетүүгө жан үрөп...
Бир таңгалычтуу маселе. Турсунбек Акун жөнөрдө акыйкатчы институтуна кайрылыптыр. “Жок дегенде орун басарыңар мени менен барып келбейби? Алар да биздин жарандар, силер коргошуңар керек!” десе баш тартып коюшуптур.
Жамиля Жаманбаева ушунчалык кайдыгерби? Эмнеге милдетин аткарбайт? Өзү барбаса да орун басарын жөнөтүп койсо, туура болмок да. Акыйкатчылыктан тейлөө, айлык акы, баардык комфортторду көрүп, кыймылдабаганы кандай? Жылуу-жумшак жүрө береби? Өлкөдөгү укугу тебеленгендер, жазыксыз камалып кеткендер боюнча резонанстуу маселе көтөрө алдыбы? Жарыгы өчүп бараткан адамдардын билигин күйгүздүбү? Көрө албадык. Өмүр бою прокурор катары иштеп, “майталканда” жүрсө, анан кайдагы жетим-жесирдин жашын аарчысын? Негизи Жамиля Жаманбаева айыптоочу кесипти аркалап келип, анан кайдан айыпталуучуларга жан тартмак эле? Бул психологиялык карама-каршылык, калыптанып калган келишпестик го? Чеке жылытарлык ишин көрө албасак, эмне кылуу керек? “Куурчак” сымал жүрсө... Кыскасы, акыйкатчы институту шапар тебүүчү жайга айланып баратабы?"Азия Ньюс" гезити











