Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты

Ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты

24-май, 17:54
507 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды каттоого алып, маалыматтык базага киргизүүчү электрондук система иштелип чыкты. Бул туурасында жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, автоматташтырылган электрондук системанын максаты мигранттарды жана алардын балдарын эсепке алып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат.

"Канча мигрант бар, алардын балдары канча деген маселе актуалдуу болуп жатат. Биз ошону иретке келтирели дедик. Ар бир айыл өкмөттө социалдык кызматкерлер бар. Алар ар бир үйдү кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктап электрондук каттоого алат. Бул категориядагы балдардын саны ачык жарыяланат. Бирок жеке маалыматтар өзүбүздүн базада сакталат" деди Алыбаев.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер