Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээ Жээнбековго кошомат кылгандар сатып кетишти, бүгүн кантип басып жүрүшөт?

Кечээ Жээнбековго кошомат кылгандар сатып кетишти, бүгүн кантип басып жүрүшөт?

09-ноябрь, 01:18
1 002 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌


“Мурда Сооронбай Жээнбековго жакын жүргөн чиновник, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү сатып кеткени жашыруун эмес. Андай эки жүздүүлөрдөн кабарыңыз барбы? Мисалы, аты-жөндөрүн тизмектесек?..”

Исхак Масалиев, экс-депутат:

-- Аларды менден жакшы билесиңер. Кимдер экени көрүнүп эле турат. Аттарын атабай эле коёюн, жыгылган кишини тепкилеген адатым жок.

Шайлообек Атазов, машыктыруучу, чемпион:

-- Мен аларды бир жыл мурун эле Фейсбуктагы баракчама жазган элем. “Акүйдүн “Сүмбүлдөрү” Жээнбековду таштап, сатып кетишет” деп. Мурда Сооронбай Жээнбековго жакын жүргөн чиновник, депутаттар азыр Садыр Жапаровдун кабылдамасында кезекте отурушат... Мухамметкалый Абылгазиев, Акылбек Жамангулов, Марат Аманкулов, Төрөбай Зулпукаров, Азамат Арапбаев, Алмамбет Салиев, Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев деген өзүн түшпөс хан, Кудай элестетип алган мырзалар кайда жүрүшөт? Административдик ресурсту колдонуп, бизди УВДга суракка чакырып, көздөрүн май баскан депутаттар, министр, губернатор, УВДнын башчылары кайда? Эмне үчүн 5-6-октябрь же азыркыга чейин эл алдына чыгып, болгон окуя жөнүндө, Жээнбеков тууралуу жакшы сөзүн айтып коё алышкан жок?! Президент кезинде тегерегинде айланчыктап, көзүнүн кареги менен тең айланган кошоматчылар бүгүн жок. Жок дегенде бир пресс-конференция берип коюшса болмок.

Сонунбүбү Кадырова, ырчы, акын: 

-- Жээнбековду сатып кеткендер кимдер? Ошол эле жемкорлор. Алар элди ойлошпойт. “Балта көтөрүлгүчө дөңгөч эс алсын” дегендей, айланып, жылуу жерге ыңгайлашып жүрө беришет. Мисалы, 120 депутаттын баары ошондой. Таңгалганым, сатылбаган эркектерди көрбөдүм. Аял болсо да Атамбаевди Карамушкина менен Кодуранова жакташты. Жээнбековду Касымалиева сатпай туруп берди. Буларга рахмат айтуу керек. Мына ушундай адам жаныңда болсо, кор болбойсуң. Садыр Нургожоевич да азыр пайда боло калган “шыпыргылардан” абайлап, он жылдап ысык-суугуна күйгөн адамдардын кадырын билип, колдоосун алып, айтканына маани берип турушу керек. Себеби, алар Жапаров эч ким эмес кезинде жанында болгондор...

Бейшенбек Абдыразаков, экс-депутат: 

-- Сатылган, позициясы жок саясатчыларга бийликтин үч партиясы жана мурунку бийлик менен кызматташып, азыр 180 градуска бурулган саясатчылардын баарын кошсок болот. Аларда намыс да, ар да жок, ким ажо болсо ошого өтүп кете беришет. Бийликке, байлыкка жетиш үчүн эч нерседен уялышпай. Аларда “эл эмне дейт? Эл менден иренжип калса эмне болот?” деген түшүнүк болбойт. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер