Акыркы кабарлар
» Коом » Сабырбек Жумабеков: "Бул «жарыктыкка» теңелгим келбейт, аман болсун"
Сабырбек Жумабеков: "Бул «жарыктыкка» теңелгим келбейт, аман болсун"
15-март, 12:04


Академик Сабырбек Жумабеков министр Алымкадыр Бейшеналиевдин качып кетти деген сөзүнө өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп жазды.
«Бул «жарыктык» мага жолтоо кылып атат, реформага бут тосуп атат деп жогору жакка арызданып, иштетпейм, баарын жабам, талкалайм дегенинен реформасына жана башкасына жолтоо болбойлу деп бир жума мурун жубайым менен чет өлкөгө чыгып кеткем. Эми минтип мени качып кетти деп конгон өрдөктөрүн учуруп атыптыр. Бул «жарыктыкка» теңелгим келбейт,аман болсун! Мени күтүп аткан 3000 ашык бейтаптарыма айтамын. Буйруса апрелдин башында келем. Мурдагыдай эле кабыл алып, операцияларымды бекер жасап берем. Мен эч жакка качкан жокмун, силер мененмин. Жолукканча сак саламатта болуңуздар»,-дейт дарыгер Сабырбек Жумабеков.











