Байтемир Асаналиев сыймыктуу наамга толук татыктуу!

(Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы сыйлык-наамдарды ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө)
Касиеттүү эне тилибиз бекеринен эне тил деп аталбайт. Ал эне сүтү менен оозандырылып, “Бешик ыры” менен жандүйнөбүздү багындырат. Эне тил жоголсо, улут жоголот. Улут жоголсо, мамлекет жоголот. Бул – аксиома.
Шүгүрчүлүк, эне тилибиз мамлекеттик деген бийик даражага ээ. Ошол улуу статусту сактоого кызмат өтөгөндөрдүн топ башында балдар акын-жазуучулары бар. Эне тил ар муун сайын эскилерин сактап, жаңыларын көктөп-көгөртүп турууга чакырылган. Ал – балдар адабияты деген арена. Анын өкүлдөрү курулай мактоолорго эмес, эмгектерине адилет баа алууга муктаж. Ошолордун бири, таанымал акын Байтемир Асаналиев. Анын өмүр баяны балдар адабиятына тыгыз байланышкан. “Мектеп” басмасындагы күжүрмөн эмгек жылдары, “Байчечекей” журналындагы чыгармачылык табылгалары, балдар тарбиясына арналган көптөгөн таланттуу ыр жыйнактары Б.Асаналиевдин талыкпай изденгич инсан экендигин ырастап бере алат. Тексттерине чыгарылган обондор бала бакча, мектеп сахналарында аткарылып келет. Ошентип, бул сүрөткер адам элдин сүймөнчүктүү акыны. Бирок, “Эл акыны” наамы алиге ыйгарылбай келет. Муну акыйкатсыздык деп ойлойбуз. Сиздерден көптөн-көп өтүнөрүбүз: ала-тоолук атактуу акын калемдешибиз сыймыктуу наамга толук татыктуу. Өтүнүчүбүз орундаларына ишенебиз.
Калемдеш замандаштарынын атынан Эл акындары: Төлөгөн Мамеев, Токтосун Самудинов, Асан Жакшылыков, Акбар Рыскулов, Эл жазуучусу Советбек Байгазиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери: Ы.Кадыров, Ш.Кемелгазиева, педагогика илиминин доктору А.Муратов, улуттук Жазуучулар кошуунунун жооптуу катчысы, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Ж.Акаева
"Азия Ньюс" гезити