Пайдалуу акция: Лидер бол, жашоону өзгөрт
Нарын шаарынын демилгелүү жаштары өз аракеттери менен дем алыш күндөрү тазалык акциясын өткөрүп, "Алма-Бак" паркын таштандылардан тазалап, коомчулуктун колдоосуна алынышты.
Бул демилгенин уюштуруучулары чет жактан билим алып келгендиктен өз тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, "Лидер бол, жашоону өзгөрт" темасында долбоор жазышкан. Ал эл аралык фонд тарабынан колдоо тапкан.
7-10-ноябрь күндөрү Нарын шаарынын 8-11-класстарынын окуучулары үчүн лидерлик сапаттарын өстүрүү жана шыктандыруу максатындагы семинар өткөрүлдү.
Иш-чаранын аягында жаштар өздөрүнүн аракети менен кийинки жылдын февраль айына чейин ишке ашыра турган беш социалдык долбоорду тааныштырышты.
Негизи мектпептеги окуучулар үчүн ушундай пайдалуу семинар, тренингдерди, окутууларды өткөрүп туруу керектигин билдиришти, акциянын катышуучулары.
Ал эми социалдык тармактарда бул демилге колго алаарлык экени, Кыргызстандын бардык аймагындагы жаштар өзүнүн жашаган жериндеги айлана-чөйрөсүн тазалап, коомдо пайдалуу иштер менен алектенүүсү керектигин жазып чыгышты.
Aryba.kg