Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү

Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү

10-январь, 12:23
1 179 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Балдар чоңдорго салыштырмалуу тез дем алгандыктан, коронавирустун "омикрон" штаммы алар үчүн кооптуу. Бул тууралуу индиялык окумуштуулардын айтымына таянып, РИА Новости жазды.

Нью-Делидеги Балажи Экшн медициналык институтунда иштеген дарыгер Анимеш Арьянын айтымында, балдар тез дем алгандыктан, алар абадагы биологиялык агенттерге сезгич келет.

"Балдардын дем алуу органдарынын жолдору чоңдордукуна караганда кичинекей. Коронавирустун жаңы түрү негизинен дем алуу органынын жогору жагын (мурун, тамак) жабыркатат. "Омикрон" штаммы чоңдорго караганда балдарда көбүрөөк көйгөй жаратышы ыктымал. Бирок өлүмгө кептебейт" деген Арья.

Медик "омикрон" штаммынын белгилери бардык адамдарда окшош эле болорун белгилеген. "Коронавирустун жаңы түрүн жуктургандардын тамагы ооруп, чыйрыгып, чарчайт. Мындан улам ата-энелер балдарын эки жакка көп чыгарбай, үйдө кармашы шарт. Алардын тамактануусуна да жакшылап көңүл бөлүшү керек" деди адис.

Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда. Пандемия башталгандан бери бул мамлекетте 35,5 миллион адамдан оору аныкталган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер