Акыркы кабарлар
» Саясат » Иралды генералдык чин-даражага Жоробеков менен Абитов татыктуу
Иралды генералдык чин-даражага Жоробеков менен Абитов татыктуу
23-июнь, 09:00

“Кызыл шапкечендердин” арасында кеп кызып, бул жылы генералдык наамдар ИИМдин башкы башкармалыктарынын айрым жетекчилерине ыйгарылары айтылууда. Кызык интрига бекен? Анда Ош, Жалал-Абад ОИИБ начальниктерине берилбей калабы? Бишкек ШИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаев акыркы катуу сөгүшүн алган, натыйжада, июлдагы коллегияда тагдыры чечилсе, Чүйдүн башкы милициясы жаңы дайындалган, ал өзүн көрсөтө элек. Ошондо айланып келип эле ГУУРду эптей албай аткан Оролбек Акпаровдун жылдызы жанабы? Айрымдардын баамында, бул эргул жогору жактан үмүт кылып, 1-лединин курбусу аркылуу генералдыкка жанталашып жатабы? Уюшкан кылмыштуу топторду негизинен УКМК кармап атса, Оролбек очорула кыймылга жарабай, системаны “шалга” айлантса, кандай баа беребиз? Сыягы, жыл соңуна чейин “чоң жылдыздарды” кимдер алары белгисиз, азырынча ачык айтылбай, көмүскөдөн талкуу жаратууда. Биздин калыс пикирибиз боюнча, Ош, Жалал-Абадды көтөрүп жатышкан Жеңиш Жоробеков менен Жеңиш Абитовго ийгилик жылмайса жарашмак. Экөө тең элүүдөн ашып, эмгектери сиңип, генералдык даражага татыктуу болуп калышты. Туурабы? "Азия Ньюс" гезити











