“Аял эркектин кабыргасынан жаралган”. Клара Сооронкулова качан “соолугат”?
Президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулованы коомчулук деле жакшы түшүнүп калыптыр. Жарытылуу электораты жок экени, бирок курулай популизмге ыктап, тек гана чыр чагаруу үчүн баратканы жалганбы? Батышчыл күчтөрдүн “айдактамасы” менен качанкыга чейин желпинет? Же мындай образда жүрүү акча табуунун амалы беле? Айрымдар саясатка элдин жашоосун оңдогону келишсе, көпчүлүгү бизнес жасоо үчүн жулунушат тура. Клара Сооронкулованын кайсы катмарда экенин аңдап алгыла! Таңгаласың да, үйдө небере багып, чалына ысык чай куюп бере турган учурда жаңжалдашууну самап, улам бир жерден чыга калып, атырылууну кесипке айлантып алганы эмнеси? Элге үлгү көрсөтө турган энелерибиздин жүзү ушундай болсо, башканы айтканда не? “Аял эркектин кабыргасынан жаралган” деген акылман кеп тегин жерден чыкпаптыр да. Клара Сооронкулова карыганда “соолугуп”, тек гана отурса болмок...
"Азия Ньюс" гезити