Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Локомотив” муз аянтчасындагы жаралган көйгөйлөр, ата-энелердин кабатырланышы...

“Локомотив” муз аянтчасындагы жаралган көйгөйлөр, ата-энелердин кабатырланышы...

28-сентябрь, 13:48
1 900 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ордо калаабыздын батыш тарабында, айтылуу Пишпекте “Локомотив” муз майданы 2012-жылы ачылган. Жаңыдан өнүгүп келаткан шайба менен ойной турган хоккейге жана музда бийлөө спортуна ынтызарлар үчүн жакшы шарт түзүлдү деп аябай кубаттаганбыз. Мына ушу муз майданынын бүгүнкү авариялык абалы тууралуу төмөндө сөз болмокчу. 

“Локомотив” комплекси акыркы жылдары ойдогудай иштебей, буга чейин машыгып келген балдар комплекстин тегерек четинде, ыңгайсыз кургак жерлерге машыгууга аргасыз же башка жакка кетүүгө, спортту таштоого мажбур болушууда. Себеби жөпжөнөкөй, машыгуу ар дайым туруктуу, системдүү болуусу шарт. Мына ошондо гана акыбети кайтат. Албетте, мамлекеттик ишкана болгону үчүн күн сайын иштеп турууда көптөгөн оңдоо-түзөө иштери каражатты талап кылары шек жаратпайт. “Эгер талаптагыдай муз майданын жасап алса, келген элдин саны арбыса, ремонтко кеткен каражатты актайт беле” (?) деген чолок ой да жок эмес. Тунгуч кичирайону жактагы шаардык муз майданы болгону бир айга гана жабылып, калган учурларда  туруктуу иштеп атканынан кабарыбыз бар. Өз убагында ремонт кылып, өз убагында музду куюп, машыгып аткандарды жана жөн эле коньки тебүүчүлөрдүн батпай атканын көрөбүз. Ошол эле учурда ар кандай мелдештер өтүп келет. 

Эмнеге “Локомотив” муз майданы өзүнүн бир кездеги мыктылыгын кетирип атат? Хоккей боюнча “Локомотив” командасы, бир канча өспүрүмдөр, көркөм муз тебүү боюнча өсүп келаткан жеткинчектер эми эмне болот? Биз бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп, тийешелүү адамдардын оюн угуп көрдүк. А баса, өлкө президенти Садыр Жапаров спортко кайдыгер адам эмес. Эгер бул боюнча кабардар болуп калса, тийшелүү мекемелерге тапшырма берип, жакынкы арада “Локомотивди” ишке киргизүү жагын ойлонуштурса жакшы болот беле? 

Алтынай Бекмамат кызы:

-- Үч балам (эки кызым муз бийи, уулум хоккей) муз үстүндөгү спорт менен 5 жылдан бери машыгып келишет. “Локомотив” муз аянтчасы бүгүнкү күндө абдан кейиштүү абалда. Жыл сайын муз аянтчасын болгону 3-4 ай гана иштетишет. Ата-энелер балдарыбыздын төлөмдөрүн толук жүргүзүп келебиз, анысы аз келгенсип муз тебүүчүлөр менен чогуу аянтчанын 3/1 бөлүгүн гана бөлүп машыгууга мажбурлашат. Балдарыбызга көп каражат жумшайбыз, кийим, форма кымбат. Бирок, эч кандай кыйынчылыкка карабай машыгуусуна деле макулбуз. “Локомотивде” муз жок учурунда шаардын аркы башына муз тебүү аянтчага ижара төлөп барууга туура келет. Эне катары балдарымдын ден соолугу үчүн болгон аракетимди жана каражатымды аябайм, бирок “кантип ушул жалгыз мамлекеттик муз аянтчанын иштөөсүнө шарт түзүп бере алышпайт?” деген суроо туулат. Уулум хоккей боюнча республикалык өспүрүмдөр арасында өткөн турнирлердин эки жолку мыкты чабуулчусу, азыр 10 жашта. Ал эми эки кызым муз үстүндө эркин бийлеп, бир канча элементтерди жасаганды үйрөнүштү. Алар азыр 7-8 жашта. Эгер муз майданы ойдогудай иштеп турса, балдарымдын жарата турган ийгиликтери али алдыда. Хоккейде жана көркөм муз тебүүдө эң жогорку квалификациялуу машыктыруучуларыбыз бар. Ата-энелер алар менен сыймыктанабыз. Болгон аракеттерин жумшап, ушул спорт түрүн өнүктүрүүгө эч кандай тоскоолдуктарга карабай чоң аракеттерин жасап келишет.

Саламат Тыналиев, хоккей боюнча машыктыруучу:

-- 2014-жылдан бери “Локомотивде” хоккей боюнча командаларга машыктыруучулук  кызматты аркалап келем. Бизде бир эле көйгөй бар: азыркыга чейин музубуз даяр эмес. Күн сууктап калганда авария абалында эптеп муз куят, анан күн жылып баратканда эле кайра өчүрүп салышат. Балдарды хоккейге, көркөм муз тебүүгө кабыл алууга чоң тоскоолдук жаралат. Баардык эле ата-эне балдарынын туруктуу машыгуусун каалайт да. Ошончо каражат коротушуп, анан болгону 3-4 ай... Эми жетекчиликтен эптеп эле бирдеме кылбай, капиталдуу түрдө, бир топ жылга жеткидей кылып жасап, анан музду куюшса дейт элем. Кайсы бир учурда мурдагы жетекчиликтер “хоккейден болгону 20, көркөм муз тебүүдөн 10 бала үчүн килейген муз майданын иштетүү – чыгаша” дешкен. Антейин десең, шаардын муз майданы деле ошентип баштаган. Муз майданыбыз токтоп калгандыктан, канчалаган балдар шаардык муз майданга кетип калды, канчасы таптакыр спортту таштап салышты, “Локомотивиң” болбогон неме экен” деп. Биз менен кошо өжөрлөнүп машыгып жүргөн балдарыбыз эл аралык мелдештерде жана өлкө чемпионаттарында такай байгелүү орундардан куру калбай келатабыз, муну баса белгилегим келет. Эгерде такай машыкканыбызда бизден дүйнөнү дүңгүрөткөн, кыргыздын намысын коргогон чемпиондор чыкмак.     

Айбек Арсымбаев, “Локомотив” комплекстин башчысы: 

-- Ата-энелердин, спортчулардын жана башка жарандарыбыздын кабатыр болуп жатканын түшүнүп турабыз. 2021-жылдын мартында тутумдагы аварияга байланыштуу “СОК Локомотивинин” муз аянтчасы иштебей калган. Учурда  муз тебүүчү жай план боюнча профилактикалык текшерүүдө турат. Запастык бөлүктөрдү калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө жана муздаткыч техника каражаттарын иштетүү жумуштарын аткаруу абзел. Бул багытта тийешелүү иштерди жүргүзөбүз.  

Муз аянтчасынын жыл бою туруктуу иштебегенинин бир топ жагдайлары бар. Мисалы, жай мезгилинде келүүчүлөрдүн саны азаят, ал эми электр энергиясын керектөө көбөйөт, буга байланыштуу жайында муз аянтчасын иштешин токтотуп турганыбыз максаттуу болот, себеп дегенде, акча каражаты көп сарпталат. Мындан тышкары, эпидемиологиялык абалды да эске алышыбыз керек.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер