Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апрель революциясында каза болгон баатырдын кызы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды

Апрель революциясында каза болгон баатырдын кызы Адахан Мадумаровго жооп кайтарды

17-ноябрь, 20:15
3 224 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Баатырлар үмүтү” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы, Апрель ыңкылабында каза болгон кыргыз жаранынын кызы Айчүрөк Камаева “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жооп берди. Анын билдирүүсү төмөндө келтирилген: 

«Урматтуу Адахан Кимсанбаевич! Апрель окуясында курман болгондорду каралоо максатында айткан сөздөрүңүзгө жооп бергим келет. Биринчиден, бул окуялар боюнча сот алты жылдан бери жүрүп жатат, күнөөлүүлөр аныкталды. Экинчиден, айтайын дегеним, ошондо кандуу күч атамды өлтүрдү – ок жүрөккө тийип, ички органдарын талкалап салган. Мен өзүм өлүкканадан анын сөөгүн көрдүм. Үй-бүлөбүздүн ошондогу окуяларын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Атам олигарх эмес, чоң кызматтарды ээлеген эмес... Бирок анын эң жакшы сапаттары бар эле. Ал акылман, жөнөкөй жана чынчыл, чыныгы мамлекеттик ишмер болгон. Тирүү болгондо азыр сиздей болуп бала-чака, неберелердин курчоосунда отуруп, жашоонун ырахатына бөлөнүп жүрмөк. Жакындарын жоготкондордун сезимдерин айтып жеткирүү кыйын. Адам бир нерсе айтуудан мурун сөзүнө жооп бериши керек. Шейит болуп каза болгондорго жаман сөз айтууга моралдык укугуңуз жок. Сиз бул адамдардын катарында болгон эмессиз. Же сиз да ошол күнү жакындарыңызды жоготтуңузбу? Ушунча жылдан бери бийликти колго алам деп жүрдүңүз, эл сизди колдобой жатат. Эми айласыздан канкор Бакиевдин жактоочуларынын колдоосун алууга аракет кылып жатасыңар. Биз сиздин чириген долбоорлоруңузду түшүнөбүз. Эми кимдин ким экенин эл билет. Бийликке, байлыкка умтуласыз, Мекен үчүн курман болгондорду, алардын үй-бүлөөлөрүн кордойсуз. Бирок бул кадамдар сизди жакшылыкка алып барбайт. Бир нерсе айтуудан мурун ойлонуңуз. Адахан жылдар өтсө да акылман болбоду деп эл бекер айтпайт».
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер