Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанда өзгөчө учурларда 12 жаштагы балдар да эмделе баштады

Кыргызстанда өзгөчө учурларда 12 жаштагы балдар да эмделе баштады

18-январь, 17:04
728 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда айрым категориялар боюнча балдарды 12 жаштан тарта коронавируска каршы эмдөөгө уруксат берилди. Бул туурасында республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik-Кыргызстанга билдирди.

Буга чейин ЖМКлар өлкөдө 12 жаштан өткөн балдар вакцина ала баштаганын жазган эле. Ишенапысова эмделүүнү каалаган балдар 16 жашка чыккандан кийин гана Pfizer вакцинасын ала аларын айтты. Учурда бул категориядагы 5-6 миң адам эмделген. Ал эми 12 жаштагы балдар үй-бүлөсү чет өлкөгө кетип жатса, ал жакта вакцинация талап кылынган болсо, ата-энесинин көзөмөлүндө эмделет.

"Өлкөдө 100гө жакын мындай учур бар. Алар Pfizer гана алышат. Мындан ары кырдаалды ДССУнун сунуштамалары боюнча карайбыз" деди дарыгер.

Ошондой эле ал Бишкекте 12 жашка чыккан жана андан жогорку курактагы балдарга №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө жасаларын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер