Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Октябрь Урманбетов “котур ташы койнунда” экенин билгизип койду

Октябрь Урманбетов “котур ташы койнунда” экенин билгизип койду

05-апрель, 19:30
1 239 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМ орун басары Октябрь Урманбетов генерал-майорду алгандан бери өзгөрүлүп, амбициясы ай чапчый баштаганын уктук. Тар чөйрөдө “министр болом” деп төш кагып, шилекейин аянбай чачыратып, дердеңдеп калыптыр. “Душманды алыстан издебе, колтугуңан чыгат” деп бекер айтылбаса керек. Аныгында, министр Улан Ниязбеков талапка ылайык, жакшынакай эле иштеп атат. Саясый рейтингдер боюнча дайыма алдыда. Милицияга карата ишенимди тереңдетип, эл менен камыр-жумур кылууга жол чаап, мезгилине жараша өзгөрүүлөрдү көрсөтүүдө. Кыскасы, реформа өз ыргагында жүрүп атат. Мындай шартта Урманбетов “котур ташы койнунда” экенин билгизип койду. Шефинин ордун аңдып отурганы Кудайга жагабы? Баары эле министр боло бербейт, бул дагы жогору жактын буйругу, маңдайга жазганы да! Баса, кыргызда “Ырысын көтөрө албаган...” деген кеп бар. Мына ушул жагы Октябрь Урманбетовго бап келишип турат. Оперлер арасында “Бөтөлкө”, “Айыл өкмөт” деген каймана аттары бул эргулга бекеринен коюлбаса керек. Тек жүрбөсө “крышасы”, Сабыр абасы деле жардам бере албай калат го...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер