Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира НАРМАТОВА: “Коомчулукту дүрбөлөңгө салган “Азаттык” менен Али Токтакуновдун аракеттерине укуктук баа берилиши зарыл”

Надира НАРМАТОВА: “Коомчулукту дүрбөлөңгө салган “Азаттык” менен Али Токтакуновдун аракеттерине укуктук баа берилиши зарыл”

28-ноябрь, 18:51
7 203 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин 5-чакырылыштагы депутаты, “Мээримбек” кайрымдуулук фондусунун төрайымы, коомдук жана саясый ишмер Надира Нарматова айымды кепке тарттык. Оозунда уңгулуу кеби бар, ар дайым коомчулукта болуп аткан саясый окуяларга тереңден баа берип, адилет сөзүн айтып келет. Бу жолу Надира эжени 25-ноябрдагы митинг тууралуу, кытайлык уйгур Айеркен Саймаитинин кыргыз коомчулугунда кандай орду бар жана анын айткандарын бетке кармаган “Азаттыктын” журналисти тууралуу омоктуу ойлорун угуп көрдүк. Албетте, азыркы коомдо болгонун болгондой айткан адамдар жокко эсе. “Бетке айткан сөздүн заары жок” дейт кыргызда. Кээ бир коркок эркектерге караганда аял башы менен ачуу чындыкты Надира айым айтып алды. Анда кеп башынан болсун.

-- Надира айым, 2010-жылга чейин Райым Матраимов тууралуу кыргыз коомчулугу көп билбейт эле. Катуу айтсам кечиресиз, кайдан пайда боло калды?

-- Матраимов Райым Исмаилович 2010-жылда Убактылуу өкмөттүн өлкө жоопкерчилигин алып турган мезгилде, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Атамбаев Алмазбек Шаршенович мамлекеттин экономика тармагына жооптуу болуп турган мезгилде бажы тармагынын Ош бөлүмүнүн башчысы катары кызматка алгандыгын бүткүл кыргыз эли билет. Ош облустук бажы тармагын башкарып турган мезгилде бажы төлөмдөрүн ашыгы менен толтуруп, өз милдетин так аткарып келген. Райым Исмаилович мурунку мамлекет башчы Атамбаевдин командасында болуп, ал кишинин ишенип кызматка койгондугун баалап, кызматына жоопкерчилик менен мамиле жасап, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, бышып жетилген күчтүү менеджер экендигин көрсөтө алган. Атамбаев, же ошол мезгилде иштеген премьер-министрлер тарабынан эч кандай эскертүүлөр болгон эмес. Бажы тармагындагы реалдуу жасаган жетишкендиктери үчүн Атамбаев Райым Исмаиловичти өз кесибинин тажрыйбалуу адиси, күчтүү менеджер катары Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына өзү сунуш кылып, өз командасында алып, чогуу иштешип келген. Өзгөчө 2011-жылкы президенттик шайлоо учурунда, 2015-жылкы парламенттик шайлоодогу, 2017-жылкы президенттик шайлоо өнөктүктөрдө Райым Матраимов Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПнын шайлоодогу жетишкендиктерине жана уюштуруучулук иштерине колдоо көрсөткөн. Натыйжада, КСДП 2015-жылкы парламенттик шайлоодо эбегейсиз добуш алууга жетишип, 38 мандатка ээ болушту. Бул Тилек, Райым, Искендер Матраимовдордун эл арасындагы кадыр-баркы, элге кылган кызматынын натыйжасы, карапайым элдин сыйлагандыгы жана реалдуу электораты бар экендигинин далили.

-- Ошондогу Матраимовдордун аркасы менен КСДПдан шайланган көпчүлүк депутаттар бүгүнкү күндө чындыкты айтуудан тайсалдап атышкансыйт... 

-- Ооба, бүгүнкү күндө Матраимовдордун электоратынын негизинде алган добуштун арты менен бир канча депутаттар жер тиктеп, башын чатына тыгып отургандары жанды кейитет. Бири да калыс сөзүн айтып койбой отурушат. Алардын көбүнүн артында электораты да, алган добуштары да жок. Атамбаевдин колдоосу менен партиялык тизмеге кирип алышып, адатынча ким бийликте болсо ошонун буйругун аткарышып, “күн чыккан жердин күкүгү” болуп, өз кызыкчылыгын көздөп отурушат.

-- Сөзүңүзгө аралжы, шайлоочулардын эң көп жайгашкан району Оштун Кара-Суусунда да, туурабы? Анан Матраимовдор өз районунда жана республиканын баардык аймагында жашаган бей-бечараларга жардамын кылып келгенин эл билеби?

-- Кара-Суу районунда жарым миллионго жакын калк бар. Матраимовдордун өз элине экономикалык, моралдык, психологиялык, руханий жактан колдоо көрсөтүп келе жаткан эмгегин 30-40 жылдап саясатта жүргөн коомдук ишмерлер, депутаттар, байлардын бири да алардын деңгээлинде жасаган жок. Калыстык үчүн айтып коюш керек, Матраимовдор атасынын атынан “Исмаил ата” фондун ачышып, ондогон жылдардан бери карапайым элге, бей-бечара, жетим-жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ар тараптуу соопчулук иштерин көрсөтүп келишет (тизмектесең өтө эле көп). Ал өзүнчө тарых. Элге кылган кызматты эл өзү эскерет. Ал өчпөйт. Өзгөчө карапайым калктын жашоосуна шарт түзүү, алардын муктаждыгын канааттандыруу, бейтаптын өмүрүнө өмүр улоо, жетимдин бешенесинен сылап, колтугунан көтөрүп, билим алуусуна көмөк көрсөтүү, суу чыгаруу, көпүрө салуу, көчөлөргө көрк берүү, жол салуу, мечиттерди куруу, ар бир айылга спорт аянтчаларды бүтүрүү, трансформаторлорду орнотуу, каналдарды жасоо, койчу сан жетпейт. Ошонун баары Жараткан Кудайдын жолунда соопчулук иштер. Ошондуктан “кеңге кең дүнүйө, тарга тар дүнүйө” деген. Канчалык берешендик менен элге колун сунса, Жараткан Алла эки-эселеп аракетиңе жараша берери анык. 

-- “Матраимовдор мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кантип байышкан?” деп суроо салгандар бар...

-- Бир туугандар мамлекеттик кызматта иштеген менен, балдары, аялдары, туугандары, жакындары биргелешип, түрдүү жеке ишкерлик менен шугулданышып, эл аралык уюмдар менен иштешип, “Ысмайыл ата” фондунун айланасында биригишип, элге кызмат кылышып, элдин уулу болушканын жалпы түштүк өрөөнү жакшы билет. 

-- Баса, Райым Матраимовду жумуштан алынганы да саясый кызганычтан болду да?..

-- Ооба. Райым Исмаилович Бишкекке Атамбаевдин колдоосу менен келип, бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп бир жарым жыл убакыт иштеген. 2017-жылы президент Атамбаевдин оюндагыдай шайлоо өткөндөн кийин эле, “жылан чагып, жылкы теппей” пикири кескин түрдө өзгөрүп, өз кадры Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алган.

-- Негизсиз жумуштан алынганы далилденди го?

-- Натыйжада, сот аркылуу өзүнүн актыгын далилдеп, Жогорку соттун чечими менен премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу жокко чыгарылып, кызмат ордуна кайра орношууга чечим чыккан. Жогорку соттун чечими чыккандыгына карабай, өзүнүн ак экендигин, бажы кызматынын төрага орун басарлык кызматында эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасабагандыгын, коррупциялык жана башка мамлекеттик казынага кол салбагандыгын далилдеген. 

-- Далилдегени менен Райым Матраимов эмне себептен кызматына барбай койду?

-- Бажы кызматына барбай эле, жеке ишкерлик, бизнес менен шугулдана тургандыгын айтып, өз жүзүн эл алдында, мамлекет алдында актады. Тилекке каршы, мурдагы ажо көрүнгөн эл чогулган жерлерде, трибуналарда, берген интервьюларында, Кой-Таштагы, “Форумдагы” жыйындарда тынымсыз “коррупционер” деп учурдагы ажо Сооронбай Жээнбековго жармаштыруу аракетин жасап, каралап сүйлөп, “Апрель” телеканалы, социалдык сайттар, интернет баракчалары аркылуу каралап, жалаа жаап, эки жыл бою элдин кулагына сиңдирип келди. Алты жыл бою кучакташып, өзү өстүрүп, кызматын көрүп, моралдык жактан, саясый жактан упайга жетип алып, анан теңирден-тескери кеткени алигүнчө түшүнүксүз. Натыйжада, Райым Матраимов сабыр кылып жүрүп, бир жылдан ашкандан кийин билдирүү берди (билдирүүнүн мазмунун билесиздер). Кайталап отуруунун кажети жок.

-- Мындай каралоолордун жыйындысы катары “Азаттыкка” такалды окшойт?

-- Ушундай каралоолордун негизинде үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы менен “Азаттыктын” Али аттуу журналистинин видеобилдирүүсү тарады. Ал коомчулукта талкуу болуп, жалган жалаа, башка бирөөлөрдүн күнөөсүн жармаштырып, Матраимовдорду элге “ууру, коррупционер 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кеткенге тийиштиги бар” деген мазмунда каралашты. Тилекке каршы, анысы аныкталбай, тескерисинче, “Азаттык” жана анын журналисти уят болду (аны да кайталоонун кереги жок). Материалдар ММКларда жайнап турат. 

Мына эми акыркы күндөрдө “Азаттык” кайрадан экинчи видеобилдирүүсүн таратты. Болгондо да Кытай, Украина мамлекеттеринин жараны (“Кыргызстандын жараны” деген паспорт менен) Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковдун жеке менчик машинасын көптөн бери дипломатиялык номерди тагып айдап жүргөн уйгур улутундагы Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин жарыялап, коомчулукту дүрбөлөңгө салып, Райым Матраимовго “Азаттык” ар түрдүү тескери пикирлерди жаратканга, керек болсо Саймаитинин өлүмүнө шектүү катары да көрсөткөнгө аракет жасады. ММКлар, өзгөчө соцтармактар чуру-чуу түшүп жатып калды. Өкүнүчтүүсү, “Азаттыктын” видеоматериалы бир жактуу даярдалып калгандыгын коомчулук бүгүнкү күндө катуу талкуулап жатышат. Ушундан улам менде бир канча суроо туулат...

-- Кимге, алар көппү?

-- Уруксат берсеңиз тизмектейин. 

1. “Азаттык” эмне үчүн 700 млн. долларды Матраимовдорго оодаргысы, жармаштыргысы келип, бир жактуу материал даярдаган?

2. Эмне үчүн Матраимовдордун өзүнөн “Саймаити ушинтип жатат” деп интервью алган эмес?

3. Эмне үчүн “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов Саймаити менен Райым Матраимовду беттештирген эмес. Саймаити келе албаса Райым Матраимов бармак да, “сени күнөөлөп жатат” деп айтса?

4. Эмне үчүн Али Токтакунов Саймаитинин өлөрүнүн алдында барып интервью алган? Анын өлөрүн алдын ала билгенби?

5. Даярдаган материалын эмне үчүн Саймаити өлгөнгө чейин сактап, бекитип жүргөн?

6. Журналист Али Токтакунов Райым Матраимовдун кылмышы бар экендигин билсе, эмне үчүн жашырып, сактап, Саймаитинин өлүмүн күтүп жүргөн? Эмне, Али Токтакунов кылмышты жашырса, бирөөгө жок жерден жалаа жапса, жеке аброюна шек келтирсе, жоопкерчиликке тартыла тургандыгын билбейби?

7. Журналист Али Токтакунов видеосунун ар бир сөзүндө анонимдүү, жашыруун сыр катары “маалымат булактарын ачык айта албайм” деген фактыларды көп айтып жатат. Эл аралык деңгээлдеги “Азаттык” анонимдүү маалыматтар факт катары эсептелбешин, “бирөө айтты” деген сөздөр менен бирөөгө жалаа жаап, коомчулукка жарыялоого мыйзам жол бербестигин билбейби?

8. Али Токтакунов эмне үчүн биринчи видеодо айткандарын экинчи видеосунда өзгөртүп берүүгө, Атамбаев менен Матраимовдун жалпы тааныштары Саймаити, Абдыкадыр ж.б. уйгурлар болгондугуна карабай, берүүсүнүн бир да жерине Атамбаевди аралаштырбай тазалап сүйлөгөн? Же атайын Атамбаевди аралаштырбоо жөнүндө тапшырма алганбы? Максаты: Матраимовду жок жерден күнөөлүү кылып, жаманатты көрсөтүп, “кылмышкер, коррупционер, элдин акчасын уурдап алган” катары көрсөтүү максаты болгонбу?

9. Саймаити кайра-кайра кайталап, “бул акча Кытайдан Кыргызстан аркылуу кирип, Өзбекстан, Тажикстанга өтүп кетчү транзиттик товарлар болгонун, товарлар аталган кошуна мамлекеттерге жетип, сатылып, Өзбекстандан доллар тибиндеги акча каражаты банктар аркылуу көп суммада которууга мүмкүн эместигин, түрдүү “кара жолдор” менен ишкерлердин акчасы кайрадан Кыргызстанга чыгарылып, аны чогултуп, Кыргызстандагы банктар аркылуу түрдүү дүйнө жүзүндөгү тийешеси бар мамлекеттерге Саймаитинин жоопкерчилиги менен жөнөтүлүп тургандыгын айтып жаткандыгына карабай, “700 млн. эмес андан көп акчалар которулуп, накталай жөнөтүп туруу жоопкерчилиги менде болгон, акчаларды менин колум менен кармап тургам” деп атса, Кыргызстанга, мамлекеттин казынасына тийешеси жок, ишкерлердин акчасы экенин сайрап айтып турса да, эмне үчүн түшүнгүсү келбей, Райым Матраимовго жармаштырып, “мамлекетке зыян келтирген” деген жоромолдорун айтып, коомчулукка кылмышкер катары көрсөткүсү келген журналисттин сайраганын кандай түшүнсө болот? 

-- Сурооңуз бүттүбү же?..

-- Бүтө жаздап калды. Али Токтакуновдун Райым Исмаиловичти көз көрүнөө каралап жаткандыгына караганда артында ишенимдүү коргоочу, тапшырма берип, коркпой жалаа жаап, “айтасың” деген кимдир бирөө же буюртмачысы барбы? Же Райым Матраимовду каралоо аркылуу элди ишендирип, Сооронбай Жээнбековго “чара көрбөйсүң” деген шылтоо менен алсыздандырып, Кыргызстандын ичинде элдин нараазычылыгын туудуруп, башаламандык орнотууга, 3-революцияны жаратууга түрткү болчу курал катары пайдалануу аракетиби? Ошол эле мезгилде “Азаттыктын” митингге чыгып, “Райым Матраимов камалсын!” деген даярдыктагы талаптарын кандай түшүнсө болот?

10. Эмне үчүн катардагы жарандар эмес, “Азаттык” башында турган журналисттер, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар (НПОлор), чет элден каржыланып аткан укук коргоочулар, жарандык коомдор 25-ноябрь күнү чогулушуп, митингге чыгышты? Буларда Кыргызстандын ичинде кандай кызыкчылыктар бар?

Ошондуктан жогорудагы мен айткан коомчулукта бүдөмүк ойлорду жараткан 10 суроо бүгүнкү күндө ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүн өйүп, жоопсуз турган суроолор. “Азаттык” мындай бүдөмүк, бир жактуу, түшүнүксүз аракети менен Райым Матраимовду өз элине ууру, коррупционер, кылмышкер, мамлекеттин казынасына кол салган адам катары көрсөтө албайт, муну мен таккесе эле айта алам. Көпчүлүк адамдардын ойлору, пикирлери, “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун кыргыз элине салган дүрбөлөңүн, элине кызмат кылып жүргөн Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн, тууган-уругун, Матраимовдорду жакындан билген эмгегин баалаган эли-журту, артындагы электораты кыргыз бийлигинен, мыйзам ченемдүү иликтеп, акты ак, караны кара деп, тергөө жүргүзүп, кыргыз элинин алдында жыйынтык чыгарып бериш керек.

-- Ансыз да тергөө амалдары башталды окшойт...

-- Тергөө амалдары башталганы учурдагы окуя боюнча жакшы көрүнүш, эгерде мыйзамдуулук сакталса. Ушундай чуулгандуу окуяны көтөрүп, коомчулукту дүрбөлөңгө салган “Азаттыктын” жана журналист Али Токтакуновдун аракетин мыйзам ченемдүү иликтеп, укуктук баа берилиши зарыл. Ошол эле мезгилде Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жасалган каралоонун адилеттүүлүгү канчалык экендиги такталат чыгар. 

-- Негизинен бажы тармагындагы коррупциялык айрым схемалар бүгүн же кечээ эле башталган эмес да, ушуга кошуласызбы?

-- Кошулам. Бажы тармагындагы коррупциялык схема 30 жылдан бери, б.а. Акаевдин мезгилинен бери келатат. Аны Матраимов ойлоп чыккан жери жок. “Матраимов өзү жалгыз бажы тармагында коррупциялык схеманы жасады” деген “Азаттык” жаңылышат. Матраимов Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүндө 4-5 жыл облустук бажыны башкарып, анан борбордо бажы төрагасынын орун басары болуп бир жарым жылдын айланасында иштеп жатат. Матраимов иштеп турган мезгилде бажы кызматынын төрагалары, анын биринчи орун басарлары иштеп турган. Алар келесоо болуп, жөн эле кол куушуруп отуруптурбу “сен башкар” деп.

-- Эгер ошол кезде бажы тармагында мыйзам бузулса, жеке эле Матраимов болбошу керек эле да, сиз кандай ойлойсуз?

-- Бажы тармагында мыйзам бузулса, системага бажынын төрагасы болуп иштегендер, Матраимов облусту башкарып турганда, республикалык бажыны башкарып турган төрагасы баш болгон жетекчилер жооп бериши керек да. Эми эки жыл бою Атамбаев жеке таарынычы, ичкүйдүлүгү менен өзүнүн колдоочулары менен тынбай кыйкырса эле, алардыкы туура болуп калабы? Ошондуктан, мунун баары мыйзам чегинде чечилгени дурус болот деп ойлойм. Коомдогу бул акыбал тек гана бийлик кумарына мас болгон адамдардын саясатташтырып, кайрадан бийликке келүү аракеттеринин көрүнүшү катары эле эсептейм. Матраимовдордун карапайым эл арасында кадыр-баркы жогору экендигин саясатта жүргөн күчтөр 2011-2015-2017-жылдардагы саясый өнөктүктө көрдү. Эмки 2020-жылдагы шайлоодо Матраимовдордун таасири бар экендигин, артында электораты көп экендигин, элге жасаган эмгеги баа жеткис экендигин билишип, коомчулукка жек көрсөтүү, саясаттан четтетүү максатын көздөгөндөр да жок эмес. 

-- Эми кечээки болгон митинг тууралуу эки ооз уксак?

-- 25-ноябрь күнкү митингде негизинен Батыштан каржыланган уюмдар, укук коргоочулар, коррупция беренеси менен түрмөдө отургандардын колдоочулары, “Азаттыкка” тийешеси барлар жана Кой-Ташта жүргөндөр экенин коомчулук көрдү. Ошол эле мезгилде соцтармактарда бул маселени көтөргөндөр, каралагандар да ошол эле митингге катышкан адамдар менен алардын фейктери ызы-чуу салып, ыплас сөздөр менен эки жаат болуп, маалымат согушун жүргүзүп жаткандар. Жыйынтыктап айтканда, тергөө туура жана так жүргөн болсо, Райым Матраимов өзүнүн актыгын далилдеп берерине ишенемин. Мен Матраимовдорду жакындан билген адам катары, коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер болбогон саясый, коомдук ишмер катары өз көз карашымды калыстык менен өз атымдан билдирдим.

-- Митингдин резолюциясын окуп аткан жигит Матраимовду “Райым байке” деп алганы күлкү жаратты. А сизгечи?

-- Негизинен кечээ митинге чыккандар өз резолюциясын, талабын окуп жатып “Райым байке” деп айткандай, Райым Матраимовдун ким экендигин азил тамаша аралаш төмөнкүдөй сүрөттөйм:

Анткени “Райым байкеңер” Кудайдын туура, соопчулук жолун тандаган. Ал эч кимге тийишпейт, жөн жерден асылбайт, унчукпайт. Аткарган, кылган соопчулук иштерин башкаларчылап шоу кылып, лента кесип, сүрөткө түшүп, видеого тарттырып, ММКлардан жарыялап мактанбайт. Колу жетип, көзү көргөн, кулагы уккан муктаждарга мүмкүнчүлүгүнө жараша унчукпай кол сунуп, жардамын берип кете берет. Ал март, шар жүргөн киши. Андай адамдын ишин Кудай өзү колдоп, кубаттап, жолун ачат. Ошондуктан канчалык карасанатайлык менен жалаа жаап,  мазактап, кыйкырышкан сайын Райым Матраимовду Алла Таалам ар тараптан тазалап, жүздөгөн адамдардын дилине “Райым байке” дедиртип, ооздоруна салып койгонун өздөрү байкабай калышат. Андыктан бирөөгө көр казбагыла!

“Кайтаар дүйнө” деген нерсе ар адамдын башына ар түрдүү жол менен келип калат. Тооба келтиргиле. Жыгылганды тепкилеп, оогонго күлүп, бирөөнүн айыбын бирөөгө оодара салып, чуру-чуу кылгандар эртерээк ойлонушу керек. 


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер