Шумкарбек Адилбек уулу: “ЕАЭБге дайыма өзүбүздүн талабыбызды айтып турушубуз керек”
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.
-- Дал ушул күндөрү ЕАЭБдин биздин өлкөгө болгон кандай мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатабыз? Деги эле мунун бизге кандай пайдасы бар?
-- ЕАЭБ бүгүн өлкөлөргө толук кандуу пайдасын алып келип, кызыкчылыктарын ишке ашыра албай жатат десек болот. Мунун бир нече себептери бар. Алгач өзүбүз экономиканы биринчи орунга коюп, союз катары баалабай, саясатташтырып жатабыз. Экинчиси, бул бирликке өзүбүздүн экономиканы даярдап, “кайсы артыкчылыгыбыз бар? Кайсы тармакты көбүрөөк жылдырабыз?” деп даярданбай эле кирип алганбыз. Ошонун айынан биздин экономикабыздын жаңы жаралып келе жаткан тармактары Россия, Казакстан, Беларустун товарларына туруштук бералбай кыйналып, жогору көтөрүлө албай жатат. Үчүнчүсү, биздин инфраструктуралык түзүмдөр. Дагы бир айтып кетчү маселе, биздин экономиканын жана өндүрүштүн кээ бир тармактарынын даяр эмес болгондугу. Даяр эмес дегеним, ЕАЭБдин өндүрүштөрүнө тыюу салып, өзүбүздүкүн колдой албайбыз. Буга ЕАЭБдин негизги шарттары жол бербейт. Андан сырткары, Кытай атаандаштыгы. Негизи бул уюмдун жумушчу күчү дагы тоскоолдуксуз жүрүшү каралган. Бул жактан дагы маал-маалы менен ар кайсы өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жараша ар кандай тоскоолдуктар жаралып келатат. Биз кээ бир учурда көз каранды болуудабыз. Ошондуктан бул маселени да эске алып, чечим кабыл алына турган борборлордо дайыма өзүбүздүн талабыбызды айтып турушубуз керек. Өзүбүздүн артыкчылыгыбыз болсо, аны да көрсөтө билишибиз абзел. Биз ЕАЭБге мүчө катары, өз позициясы бар өлкө катары өзүбүздү көрсөтө билгенде гана бул уюм бизге пайда алып келет деген ойдомун.