Коранавирус жуктурган 900 адам сакайганы айтылууда
Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 4-февралга караган убакка карата жалпысынан 24 миң 505 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Бул сан күн санап өсүүдө. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 492ге жеткен. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 900 адам айыкканы айтылат.
Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тароодо, учурда Кытайдан башка дагы 27 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган.
Белгилей кетсек, АКШнын Балтимор шаарындагы Жонс Хопкинс университетинин алдындагы системалык изилдөө жана инжиринг борборунун окумуштуулары коронавирустун таралуу онлайн-картасын иштеп чыгышкан. Ал онлайн-карта аркылуу коронавирусту жугузуп алуу, оорулуулардын айыкканы жана андан улам каза болгондордун статистикасы менен реалдуу убакыт режиминде таанышууга болот.
Aryba.kg