Адабият сабагын пайдаланып, руху бийик адамды кантип тарбиялайбыз?


Ыймандуулуктун туусун тутунган кыргыз адабиятынын бийик үлгүлөрүн ошол деңгээлде туура талдап, ал чыгармалардын адам ааламынын алмустактан келе жаткан ала-кула жактарын ажыратып, маңыздуу жана жеткире окутуу – рух булагы алсызданган азыркы ааламдашуу заманындагы адабият мугалиминин ат көтөргүс милдети болуп эсептелет. Ал көйгөйлөрдү жаш адамдын жандүйнөсүнө жанаштыра алуу – ар бир мугалимдин, адабиятчынын көркөм ой жүгүртүү чабытына, көркөм фактыларды реалдуу турмуш менен байланыштырып талдаган методикалык бай тажрыйбасына байланыштуу экендиги талашсыз. Анткени ар бир адабиятчы мугалим кыргыз адабияты сабагы аркылуу “улутунун прогрессивдүү салт-санаасын, рухий, адеп-ахлак кенчтерин боюна сиңирген, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү өздөштүргөн, ыймандуу жана ишкер инсандарды калыптандырууга” милдеттендирилген. Ушул милдетти адабият сабагында кандай деңгээлде натыйжалуу чечип алууга болот? Жооп издегибиз келет.
Арийне, кылымдардын катаал чыйыры аркылуу баалуу байлык катары бизге келип жеткен элибиздин ар бир салт-санаасы чынында эле рухий, адеп кенчин аркалаган асылдыктардын тутуму экендиги биздин улуу сүрөткерлерибиздин чыгармаларынан ажары ачылып даана көрүнөт. Нечендеген мезгил бүктөмүнүн оордугуна майышпай, улуу убакыттын агымына жутулбай келген ошол асылдыктардын чыныгы маанисин учурдун уңгулуу угутуна аралаштырып, мезгилдин мерчемдүү агымы менен сугарып, окуучунун ой-сезиминин дарагын гүлдөтсөк кана! Айтайын дегеним, Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын алп чыгармаларындагы көчмөн журттун көкүрөк керген баатырдыгы да, азаматты аксаткан арсыз алсыздыгы да, акылга сыйбай жүрөк жүлүнүн сыздаткан арманы да, жанды жыргатып күлкү сепкен шайырдыгы да ажайып берилген эмеспи. Айрыкча жазуучунун эл куудулдары Куйручук, Жоошбай, Көкөтөй жөнүндө өзүнчө чыгарма жаратып, ал таланттардын орошон турмушун, курч жана куйкумдуу кебин улуттун салт-санаасы менен тыгыз байланышта бергени маалым. Элдик турмуш, ойлору ошол күйдүргү күлкүнүн сезим учкунуна чачкан күзгүсү аркылуу даана берилип жатпайбы! Жазуучу белгилегендей “акылман кеп-сөздүн айтылар себеби, ачылаар маңызы акыл-эстин түпкүрүндө киши дүнүйөсүндөгү асыл ширендисин ачып берчү эң маанилүү жана кылдат ачкычы – күлкү экен”.
Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын “Акылман куудул” чыгармасындагы элибиздин эзелки турмуш туткусу болуп келген конок тосуу, жол жүрүү жана жолоочулук адеби, эл ынтымагы жана уруу биримдиги, жакшылык менен жамандыкты өткөрүү салттарынын бийик наркы, адамгерчилик менен адилет акылдын шайкеш болушу шарт экендигин башкы каарман Куйручуктун куйкум күлкүсү менен чагылдырган. Эпке келбести эптештирген, эл-журттун намысына жаралган Куйручуктун акылман иштери “сени жыргатамын” деп жетимди алдап иштетип, өз пайдасын гана ойлогон зыкым бай Борукчунунун адал эмгектин акысын адилет баалоону унуткандыгы үчүн жазалоо менен башталат. Алакөз байдын коюн багып жүрүп кабыргасынан кагынып өлгөн жаш баланын үч жылдык акысын төлөбөй кеткен атасынын карызын моюндарына алышпаган, арбак сыйлабаган балдарына Куйручук арбак болуп келип маркумдун акысын он эсе кайтартып берет эмеспи. Ач көз соодагер, жулунган жасоолдор, адам баркын билбеген “эс жиндилер”, ал тургай кайнененин кадырына жетпеген жаш келин, өз өмүрлүк жолдошунун намысына шек келтирген эрке айым да, Куйручуктун куудулдугу менен катуу сабак алышат.
Жалпынын ырыстуу турмушуна, актык менен адилеттигине шек келтирген, байыркынын салтын бузгандар Куйручуктун куудулдук кайырмагына илинет да, татыктуу жазасына тартылышат! Мындай адилеттүүлүк окурманды да кубандырат, бир чети кусалуу ойго салууга шарт түзөт. Азырчы?! Ач көз, жалаң дүнүйө деп жетим-жесир, мискинин эмес, ар бир ак ниет адамдын ак эмгегин алдап жегендерди кантебиз, аларды кантип жазалайбыз? Же бул азыркы турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүшү болуп калдыбы? Ушул суроолордон кийин гана окуучунун акыл туюмуна жарык берип, түйүндүү суроолордун түмөн саптарын жаадырып, аларды жубу менен топтордо талкуулоо үчүн, турмуштун таасын мисалы аркылуу далилдөөдө кырчылдашкан акыл майданын ачуу абзел. Жаңыдан турмушка тамыр жайып келе жаткан аң-сезимдин дүнүйөкорлуктун, ачкөздүктүн, өзүмчүлдүктүн, көңүлкоштуктун, караөзгөйлүктүн зыяндуу таасиринен тазалоочу курч суроолор, турмуштук мисалдар аркылуу талданып тазалана баштайт. Ал ойлор, бүтүмдөр жеке бир окуучунун гана эмес, класстагы көпчүлүктүн жыйынтыгы катары көңүлгө уюйт. Чыгараар жыйынтык, салт менен сакайтуучу салттуу эмес, диспут–дискуссия формасындагы сабактардын майданында кырчылдашып, Куйручуктун өз кеби, акылман ойлору аркылуу дагы дааналанат, тереңдетилет:
“Ат мертинип аксайт, азамат жутунуп аксайт. Ынсап – ырыс төрөйт. Ачкөз менен арамдын колунан келчү иш – жамандык!” “Мындай жамандыктан алыс болгула” дейт акылман куудул. Анда азыркы жаш адамга үлгү болчу адеп мерчеминин ар тараптуу асылдыктарын алып жүрчү инсан кандай болуу керек? Бул соболго да акылман куудул бабабыздын кеби жооп болуп түшөт:
“Ачык кабак, жайык төш азаматтын жаркыны! Жамандык келбес колунан, жакшылык кетпес оюнан – ою тунук турбайбы. Бет алганын бек өтөөр деми күчтүү турбайбы. Унчукпай туруп төп сүйлөр кеби күчтүү турбайбы!” Ушундай нуктагы акыл-сезимдин күжүрмөн күчү менен түзүлгөн адабият сабактары аркылуу гана “улутунун прогрессивдүү салт-санаасын, рухий, адеп-ахлак кенчтерин боюна сиңирген” адептүү, демек, баардык күч-аракетин адамгерчиликтин мыйзамы, ар бир инсанга урматтоо сезими менен жигердүү аракеттенген ийгиликтүү жаш адамды тарбиялай алабыз.
Курманкан Абдиева, Бишкек шаары











