Кайсы абройлуу партиялар генерал Суваналиевге кызыгууда?
Айрым абройлуу партиялардан Өмүрбек Суваналиевге сунуштар түшүп атканын уктук. Алдыдагы парламенттик шайлоого чогуу аттанууга, элдин ишенимине ээ болууга кызыкдар болуп атышса керек. Учурда таза, профессионал кадрлар жокко эсе экенин эске алсак, “Комиссар Каттаниге” болгон кызыгуулар дагы күчөйт. Себеби, бийликтеги кадрлар майдаланып, чечкинсиз, сабатсыздарга айланып кетишкен. Ыплас калпычылар да көбөйгөнүчү? Күч органдары “бовой” калышкан да... Мындай шартта генерал Суваналиев Коопкеңеште орун басар болуп отурат, элдин арыз-муңун угуп, чындык үчүн күрөшүп, татыктуу иш алпарууда. Бийлик короосундагы рейтинги жогору үч инсандын бирине айланганы жашыруун эмес. Ошон үчүн партиялардан сунуштар түшүп атат да. Сыягы, жакынкы айларда чоң саясатта Өмүрбек мырзанын жылдызы жанганы калды окшойт...
Aryba.kg