Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкек дүйнөдөгү эң кир, ыш-түтүнгө чулганган шаар катары атагы чыкты

Бишкек дүйнөдөгү эң кир, ыш-түтүнгө чулганган шаар катары атагы чыкты

07-январь, 13:03
1 327 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушул эле жетишпей жаткан да! Бишкек дүйнөдөгү эң кир, булганган, ыш-түтүнгө чулганган шаар катары атагы чыкты. Бул боюнча бир катар чет элдик басылмалар жазышып, атайын берүүлөрдү даярдашып, көңүл чордонуна алышууда. Ал эми кыргыз бийлиги эч кандай чара көрө албайт экен, болгону кийинки жылга карай газдаштырууга барарын, көмүр жагууну азайтууну гана билдирди. ТЭЦ жана жеке секторлорду толук кандуу газ менен жылытууга шарт барбы? Экономикалык каатчылык орун алып турганда, бир жылда тазарууга бара алабызбы? Күмөндүү. Эң өкүнүчтүүсү, эл аралык коомчулукка Кыргызстан инвесторлорду кордогон, имарат, заводдорун өрттөгөн өлкө катары таанылып келгенбиз. Коррупцияны айтпай ак коёлу! Бу саам болсо, артта калган, ден соолукту талкалай турган борборубуз менен даң салып турабыз! Мындай шартта тышкы инвестиция кайдан келмек эле? Өнүгүүнү кыялдануудан ичиркенесиң... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер