Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай никесиз бүлөдө төрөлгөн
Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай никесиз бүлөдө төрөлгөн
08-декабрь, 11:40

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, негизинен 20-35 жаштагы аялдар никеси жок төрөгөн. Былтыр он беш миңге жакын бала энесинин арызы менен катталган.
Кыргызстанда 2020-жылы ар бир бешинчи ымыркай никеси жок бүлөдө жарыкка келген. Бул тууралуу улуттук статистика комитети билдирди. Негизинен 20-35 жаштагы аялдар никеси жок төрөгөнү айтылат.
"Былтыр юридикалык эмес никеде төрөлгөн 15 миң бала ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча катталган. Ошондой эле дагы 15 миңге жакын бала энесинин арызы менен катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал" деп жазылган маалыматта.
2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу никелешүүнүн саны 20 пайызга кыскарган. Расмий түрдө үй-бүлө кургандардын жарымынан көбү 20-29 жаштагылар. Үйлөнгөндөрдүн ар бир төртүнчүсү эки ача жолго түшөт. Айыл жеринде миң никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы ажырым жолго түшкөндөр андан эки эсе көп.