Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Таттыбүбү Эргешбаева: “Мамлекеттик органдар далилдерди келтирүүгө жардам берсе, иш алдыга жылмак”

Таттыбүбү Эргешбаева: “Мамлекеттик органдар далилдерди келтирүүгө жардам берсе, иш алдыга жылмак”

08-май, 13:19
597 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыргызстандын юристтер коому кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу укуктук эксперттик жана аналитикалык колдоо көрсөтүү боюнча иш жүргүзүп атасыздар. Азыр кайсы этаптагы даярдыктар жүрүүдө? 

-- Учурда биз Кыргызстандагы жарандык коом болгон окуялардын хронологиясын калыбына келтирүүгө жана Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу боюнча далилдерин чогултуп, эл аралык нормалардын бузулгандыгын аныктап жатабыз. Анткени биз чогултуп берген далилдер менен аларга карата иш козголоруна ишенебиз. Ал эми жарандык коомдун атынан юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева эл аралык сотко кайрылмакчы.  

-- Доо коюуга жетиштүү далилдер барбы?

-- Негизинен, учурда далилдер базасы жалпыга маалымдоо каражаттары чогулткан фактылардан турат. Биз алардын аныктыгын текшерип, андан кийин прокурорго жибере турган билдирүүнү ырастоо үчүн колдонобуз. Эгер бизге мамлекеттик органдар далилдерди келтирүүгө жардам берсе, иштин натыйжалуулугу артмак. 

-- Эгер бул иштер жыйынтык берсе, Тажик Республикасына кандай айыптар тагылышы мүмкүн? 

-- Биринчиден, биз Тажик Республикасы Кыргыз Республикасына карата агрессия актысын жасагандыгын айтып жатабыз. Бул эл аралык жана регионалдык макулдашууларды одоно бузуу болуп эсептелет. БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясында 3314 (XXIX) 1974-жылдын 14-декабрында бекитилген аныктамасына ылайык, бул окуялар эл аралык кылмыш болуп эсептелет. Эгер Тажикстандын кылмыштуу агрессиясы аныкталса, эл аралык милдеттенмелерди бузганы боюнча айыпталат. Ошондой эле күнөөлүү адамдар жекече жоопкерчиликке тартылат. 

Экинчиден, Тажикстандын аскер кызматчылары эл аралык куралдуу чыр-чатак учурунда адамдарды барымтага алуу, жергиликтүү жарандарга кол салуу, жарандык объектилерге зыян келтирүү сыяктуу кылмыштарга барышты. Бул да эл аралык келишимдерди, анын ичинде Женева Конвенциясын бузуу болуп саналат. Себеби, Тажикстан да ошол Конвенциянын мүчөсү болуп эсептелет.

-- Биздин өлкөдө болуп өткөн окуяларга окшош жагдайларда эл аралык соттор иш козгогон мисалдар барбы?

-- Мисалдар бар. Эл аралык соттун прокурору алынган арыздардын негизинде   өз демилгеси менен Кениянын кейси боюнча иликтөө жүргүзгөн. Ошондуктан, бул жолу да прокурор иликтөө иштерине барары боюнча ыктымалдуулук бар. Анда тажик жетекчилигин жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер