Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыңгыз Макешов: “Зер буюмдарды иштетүү боюнча мыйзам долбоорлорду даярдап жатабыз”

Чыңгыз Макешов: “Зер буюмдарды иштетүү боюнча мыйзам долбоорлорду даярдап жатабыз”

01-октябрь, 18:10
1 521 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жакынкы эле күндөрү Жогорку Кеңеште зер буюмдары боюнча маселе  көтөрүлдү. Кыргызстанга Түркиядан жыл сайын 1,5 тонна алтын зер буюмдары импорттолору, ошондой эле 3 тоннанын айланасында күмүш зер буюмдары алып келинери айтылды. Ал эми Кыргызстандын өзүндө жылына 47 кг. алтын, 100 кг. күмүш зер буюмдар гана жасалып сатылат экен. Сиздин зер буюмдарын өндүрүү боюнча жакшы максаттарыңыз бар эле...

-- Азыр өкмөткө жаңы мыйзам долбоор дайындап, Кыргызстандагы алтынды, зер буюмдарды кыргыз компаниялары иштетүү боюнча пландарды ишке ашырууга мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Эгерде ошол ойлогон максатыбызга жетсек, 20-30 миңдей иш орундарын түзөбүз. 

-- Ишти алып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?

-- Албетте, жетет. Адистер бар. Ишти билебиз. 

-- Коомдук транспорттордо жүргөнүңүз да ар кандай пикирлерди жаратты. Кандай жаңы идеялар келди?

-- Маршруткаларда, троллейбустарда жүрдүм. Албетте, борбор калаабызда троллейбустарды көбөйтүп, бусиктерди азайтышыбыз керек. Бусиктер ыңгайсыз. Экологияны бузат. Андан тышкары баасы кымбат.

Эмне үчүн муниципалдык транспорт ушундай акыбалда? Акча менен төлөгөндө коррупция көп болот. Ошондуктан электрондук системаны тез арада ишке ашыруу зарыл. Ошондо транспорттордогу коррупция азаят. 

Троллейбустардын санын көбөйтсөк, экологиялык жактан тазалыкты тартуулайт, арзан жана эң негизгиси, шаардыктар үчүн ыңгайлуу.

Электрондук билеттерди киргизбесек, айдоочулар жүргүнчүлөрдү тейлеп, ошол эле учурда төлөмдү да кабыл алышат. Бул нерсе жүргүнчү үчүн коркунуч болуп саналат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер