Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуттук илимдер академиясы кимдин жеке кызыкчылыгы үчүн кыйраганы турат?

Улуттук илимдер академиясы кимдин жеке кызыкчылыгы үчүн кыйраганы турат?

16-июль, 12:30
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстан илимдер академиясынын статусун төмөндөтүп, коомдук илимдер академиясына айланткан. Азыркы учурда илимдер академиясынын мамлекеттик статусун кайра калыбына келтирип, каржылоосун көбөйтүп, таланып-тонолуп кеткен имараттарын кайра илим ордосуна кайтарып, бир кезде кетирилген каталыгын кыйынчылык менен оңдоп жатышат. 

Бизде болсо илимдер академиясы приватизацияга берилбей сакталып калган. Анткени улуттук илимдер академиясы мамлекеттүүлүктүн символдорунун бири. Ушул символ кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгынын курмандыгы болгону турат. Анткени улуттук илимдер академиясынын статусун “коомдук” деп өзгөртүү, анын институттарын профилдери туура келген университеттерге бөлүп берүү маселеси айрым чиновниктер тарабынан көтөрүлүүдө. Кыргызстанда илим университеттерде эмес, улуттук илимдер академиясында өнүгүп келген. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан илимий ачылыштар да улуттук илимдер академиясында жасалган. Ошон үчүн өлкөнүн Конституциясында “фундаменталдык жана колдонмо илимдер улуттук илимдер академиясы тарабынан координацияланат” деп жазылган. Эми ушул Башмыйзамдын жоболоруна каршы иш жүргүзүп, илим борборун камчыга ченеп бөлүү туурабы? 

 КМШ өлкөлөрүнүн баары илимдер академиясын сактап калышты. Кыргызстанда айрым чиновниктердин авантюралык идеяларынын негизинде өлкөбүз өзүнүн баалуу байлыгын өз колу менен талоонго берип жатканы кандай? 90 жылдан ашкан тарыхы бар илим очогун коррупциядан башы арылбаган университеттерге бөлүп берүүдөн өлкөбүз уттурат. Бул баалуу, куттуу илим очогун бүлдүргөн менен барабар. Кийин анын имараттары, көздүн карегиндей сакталган мүлкү таланып-тонолуп кеткенден кийин кайрадан илимдер академиясын түзүү өтө кыйынга турат. “Бөрк ал десе баш албай”, сабырдуулук менен чечим кабыл алышса боло... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер