Адил Турдукулов, журналист: “Буюрса, жаңы жылга чейин мекениме кайтып келем”


-- Адил мырза, Грузияда окуп жүргөнүң боюнча кабарыбыз бар. Бирок айрым “өрдөктөрдүн учуртканына” караганда, “башаламандык жасоого” машыгып жатканыңды шөкөттөшүүдө...
-- Биз өзүбүз үч революцияны баштан өткөргөндөн кийин, митингдерди өткөрүү боюнча мен өзүм мастер-класс жүргүзө алам. Бирок, башында айткандай эле андай пландар менде жок. Грузиндер таза эмес шайлоо, анан азыркы бийликтин Европа Биримдигине кирүү планынан кайтканы үчүн эл жапырт түрдө көчөгө чыгууда. Анткени кыргыздарга окшоп 1 миллионго жакын грузин Европада тиричилик кылып, өз өлкөсүн багып жатат. Визасыз Европага кирүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылса, бул түздөн-түз алардын бардар жашоосуна сокку урулат. Аны жалпы эл сезүүдө. Тышкы күчтөр эгемен элди бир жакка багыттап, көтөрүп, башаламандык кыла албайт. Аны биз, кыргыздар жакшы эле билишибиз керек. Буга чейин мен бир нече жолу айткандай, Кыргызстанда революциянын лимити бүткөн. Ошондуктан азыркы бийликтин оппозиция-пропозиция дебей баары менен тең өнүгүүгө багыт алууга тарыхый мүмкүнчүлүгү бар.
-- А бийлик эмнеге сени каралоого алып атат?
-- Ал каралоону орус телеграмм-каналдар баштаган. Биздин жарым-жартылай жазмакерлер алардын “обонун” кайталашууда. Бул биздин бийликке, мамлекетке Россиянын таасири дагы деле күчтүү экендигинин белгиси. Москва болсо менин президент Зеленскийге карата маегимди кечире албай жатат. Мен азыр деле эгемен, көз карандысыз Украина болушун каалайм.
-- Кыргызстанга качан келесиң? “Камайбыз” деген коркутуулар болсо кантесиң?
-- Андай коркуутулар биринчи жолу жаралган жери жок. Баардыгыбыз пешенебизге жазганды көрөбүз. Эмне болсо дагы мен Кыргызстанды башка мамлекетке алмаштырбайм. Буюрса, жаңы жылга чейин мекениме кайтып келем.
Суроо салган Аслан Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити











