Марат Иманкуловду күч органдарынын жетекчилери тоготушпайбы?
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы катары көзөмөл кыла баштады. Мындай демилге президент тарабынан көтөрүлгөнү, иш жүзүндө жүзөгө аша баштаганы колдоого арзыйт. Себеби, жалпы аймактар боюнча партиялык, бир мандаттуу округдардан өтө турган шайлоонун тазалыгы, мыйзамдуулугу маанилүү. Элибиз адилеттүүлүктү, туура тандоону күтүүдө. Бийлик башындагылар калыстыкка ыктап, тең укуктуу атаандаштыкты, дээрлик шарттарды бирдей камсыздап берсе, шайлоочулар да ыраазы болуп, жүрөктөгү талапкерлерине добуш беришет эле. Тилекке каршы, башкы көзөмөлдөөчү Марат Иманкуловду айрым күч органдарынын жетекчилери тоготушпай, теңине албагандай ишараттын байкалганы эмнеси? Эгерде “ачендиктерге” аброю жетишпесе, анда кайсы ырааттуулукту кеп кылабыз? Бул жагынан акыл пештеп, эртелеп реакция кылып көрбөйсүңөрбү? Шайтан оюндар эмитен башталууда, тартип, мыйзамдуулук толук кандуу камсыздалбаса аягы жакшы бүтпөй калат го...
"Азия Ньюс" гезити