Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Мурзахалилов: “Диндин, айрыкча исламдын саясатташканы мамлекет үчүн кооптуу”

Канатбек Мурзахалилов: “Диндин, айрыкча исламдын саясатташканы мамлекет үчүн кооптуу”

03-апрель, 14:44
1 401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исламды таануу сабагын мектептерге киргизүү идеясы карама-каршы пикирлерди жаратууда. Өзгөчө илимий интеллигенциянын итатайы тутулганын байкап жатабыз. Ансыз да диндешип бараткан коомго мындай предмет ашыкча эмеспи?

-- 2015-жылдан баштап “Дүйнөлүк диндердин маданияты” аттуу сабак мектептерге пилоттук негизде башталган. Учурда 56 мектепте бул предмет окутулуп жатат. Акыркы үч жылдан бери окуу куралдарды жана мугалимдерди даярдоо менен билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу программасына киргизилген. 

 2014-жылы алты жылга эсептелип кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу алкагында “Дүйнөлүк диндердин маданияты” сабагы 2019-2021-окуу жылында толук бойдон өлкөдөгү мектептерге киргизилип бүтүшү керек эле. Тилекке каршы, пандемия шартына байланыштуу сабак мектептерге киргизилбей калды. Мен билгенден окуу куралы жазылган. Бирок, ал кайра иштелип чыгууга муктаж. 

Ушул сабактын алкагында баардык дүйнөлүк диндердин негизги постулаттары, түрдүү диний агымдар, экстремисттик уюмдар жөнүндө дагы окутуу каралган. Албетте, өлкөдөгү калктын 90%га жакыны мусулманчылыкты кармангандыктан, ислам дини тууралуу сабактардын сааты көп. Ал эми сиз айтып жаткан ислам таануу сабагын муктаждыкка жараша мектептерде факультатив түрдө киргизсе болот. Бул жерде эч талаша турган маселе жок. 

-- Муфтийликке сегиз талапкердин чыгып атышы эмнеден кабар берет? Көп эмеспи?

-- Көп эмес. Себеби канчалык көп адам талапкер болсо, аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө, Кыргызстан мусулмандарынын курултайынын делегаттары үчүн бүгүнкү күндүн талабына жооп берген муфтийди тандап алууга жакшы өбөлгө түзүлөт. Эң негизгиси, биздин ата-бабалар тутунган, мамлекет тарабынан таанылган ханафий укуктук мазхабына жана матурудий акыйда ишенимине таянган «салттуу ислам» түшүнүгүн бекем карманган муфтийди шайлоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Дагы бир айта кетчү нерсе, 8 талапкерди алганда, жалпы эле муфтияттын вертикалдуу структурасын иреттеп, олутуу реформалык кадамдарга бара турган инсан келсе жакшы болмок. Негизи, эч бир топтун же жамааттын кызыкчылыгын коргобогон жана приоритет берген аалымга бүгүнкү күндөгү кыргыз мусулман коому муктаж. Эми тандоо мүмкүнчүлүгү толук бойдон аалымдар кеңешинин мүчөлөрүндө. 

-- Муфтийди шайлоо чатак менен өтпөйбү? Эмитен эле ич ара бири-бирин коркутуп-үркүтүүлөр, аалымдар кеңешиндеги келишпестиктер айтылууда. Бул жааттагы тымызын интригалар ачыкка чыкпай “бышып” бараткан жокпу?

-- Сиз айткан нерсенин чындыгы бардай. Себеби, “дин кызматкерлеринин арасындагы ич ара келишпестигинен улам” деп койсок дагы болот, мусулмандар курултайын өткөрүүнү 29-майга жылдыруу чечими эки күн мурда кабыл алынды. Бир четинен бул жакшы. Себеби, талапкерлер элдин элегинен дагы өтөт. Ошол 8 талапкерлерге “кара пиарлар” дагы уюштурулушу мүмкүн. 

Эми мамлекеттик органдар түрдүү кызыкдар тараптардын, уюмдардын муфтияттын ички уставдык иштерине кийлигишүүсүнө, муфтийлик орун талашууга жол бербөөсү зарыл. Себеби, калыптанып калган диний ырааттуулук бузулуп, диний лидерлердин, аалымдардын ортосунда таасир талаш күчөйт. Муфтийди шайлоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жобосунун негизинде, Кыргызстандын дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамына ылайык гана өтүш керек. Муфтийди шайлоого кайсы бир топтордун, ички же сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү ислам чөйрөсүндө кырдаалды курчутат.

Дагы белгилеп кетчү нерсе, диний лидерлердин, имамдардын коомдук-саясый процесстерге, түрдүү деңгээлдеги шайлоолорго түз болбосо дагы кыйыр түрдө активдүү аралашып жатканы байкалууда. 

Диндин саясатка аралашуусу күчөй баштады. Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, диндин, айрыкча исламдын саясатташканы мамлекет үчүн кооптуу. Бул факторго дагы көңүл бөлүүгө убакыт келип жетти. Мамлекет диний көйгөйлөрдү чечүүнү активдүү колго алып, арбитрдик ролду аткарып, оюндун эрежесин аныктап берүүсү шарт. Сыртан байкап турган убакыт өтүп кетти.

-- Максат ажы Токтомушевге байланышкан каржылык чатак кандай аяктачудай? Чындык кайсы тарабында? 

-- Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушевге, муфтияттагы каржылык чырга байланыштуу жаңжал жалаң укуктук негизде чечиле турган маселеге айланды. Ар ким өз чындыгын массалык маалымат каражаттары, социалдык медиаларда айтышты. Эми буга бааны тергөө органдары берип, акыркы чекитти сот коёт. 

-- Биз светтик мамлекетпиз. Бул жагынан мыйзам, ырааттуулук толук кандуу аткарылып атабы?

-- Кыргыз коомунда светтик көз карашты кармангандар менен диндар адамдардын ортосундагы ажырым бар экендиги акыркы учурларда таасын эле байкалууда. Башмыйзамды талкуулоодогу “светтик” (дүйнөбий, айдыңдык) деген түшүнүктүн айланасындагы талаш-тартыш аны ачык эле көрсөттү. Биздин жарандар арасында диний плюрализм бар. Дин эркиндиги башка постсоветтик өлкөлөргө караганда толук кандуу сакталат. Бирок, айрым учурда ал эркиндикти “ашыра” пайдаланып жаткандыгыбыз туура болбой жатат. 

Кыргызстандын мыйзамдарында дин эркиндигине, светтик түзүлүшкө чектөө жок. Дин жаатын тескеген базалык мыйзам, башка укуктук-ченемдик актылар дагы диний чөйрөнүн ишин ырааттап турат. Диний билим берүү, башка динди карманган маркумдарды акыркы сапарга узатуу, диний объектилердин курулушун иреттөө, аларды каттоого алуу, чет өлкөлөрдөн диний билим алууну тартиптештирүү, ашкере өз динине үгүттөө сыяктуу көрүнүштөрдү локалдык же болбосо мыйзам алкагына салып алуубуз керек. Ошондо диний чөйрөдө орун алган көптөгөн маселелер акырындап чечиле берет. Негизгиси диндин өз алдынча өнүүгүсүнө тоскоол болбой, “сенин укугуң башталган жерде менин укугум бүтөт” деген нерсени үйрөнүүбүзгө мезгил келип жетти. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер