Бизнес, экономика начарлап атса, министр Амангелдиев түнкү клубда чартаңбай тээп жүрөт
Гезиттин өткөн сандарынын бирине экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сегиз орун басар дайындатып алганын сындап, курч маанайда маалымат бергенбиз. Көп өтпөй төртөөнү кыскартканы кабарланды. Экономикасы эңкейиште калган мамлекет үчүн мындай көрүнүш уят эле...
Ал эми аз күн мурда Данияр Амангелдиевдин түнкү клубда жүргөнү, жандаган жигит-кыздар менен кучакташып эс алган видеосу чыкты. Түн ортосунда кызматтык машинесин пайдаланганы да талкууга алынды. Этикалык, мыйзамдык жагына баа берилбейби? Экономикабыз эңшерилип, бизнес качып, инвестиция келбей калган чакта, элестеткиле, министр Амангелдиев чартаңбай тээп, жеке кумары, жыргалчылыгы үчүн жүргөнүн... Жакшы эмес да. Жогорку төбөлдөр тартипке чакырып койсо кантет?
"Азия Ньюс" гезити