Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карганбек Самаков саясый куугунтук көргөн эмес, ал элди сыздаткан...

Карганбек Самаков саясый куугунтук көргөн эмес, ал элди сыздаткан...

29-октябрь, 12:02
237 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2015-жылы депутат Карганбек Самаков жер аферасы, коррупция боюнча камакка алынган эле. Ал Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (дыйканчылык тилкелерин үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Дагы жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алууга шектелип, жаңжал чыкканы эсиңердеби? Энчисин жулдуруп жиберген карапайым калк митинг, нааразычылык акциясына чыгышкан. Бакиев доорунда Жаныш менен Карганбек биригип алышып, элдин шоруна калганын кантип танабыз? Аныгында, Самаковдун күнөөлөрү далилденип, соттолгону ырас. Кызыгы, соңку убакта “саясый куугунтук көрдү” деген жарлыкты таңуулашып, жаңы бийликтен жардам сураган шылуундар чыгууда. Эгерде Садыр Жапаров элди сыздаткан Карганбек Самаковдун актатып жиберсе, анда рейтинги түшүп, Чүй боорундагы катмардан кадырын жоготот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер