Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БУУ: “Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда”

БУУ: “Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда”

17-ноябрь, 20:09
1 618 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан массалык экономикалык кризис Кыргызстанда жакыр жана жумушсуздардын санынын өсүшүн шарттады. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өлкөнүн статистика боюнча улуттук комитети биргеликте жарыялаган изилдөөсүндө айтылат.

Анда белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы эң жакыр адамдардын, өзгөчө шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты. Талдоо пандемияга чейин жана андан кийин өлкө боюнча чогултулган маалыматтарга негизделет.

"Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон талапты азайтты. Муну менен кошо үй-бүлөлөрдө азык-түлүктү тандоодо да өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан" деп айтылат отчётто.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер