Арсланбек Малиев: “Нарындын Кумтөргө эмне тийешеси бар? Бул абдан трайбалисттик мамиле!”

-- Арсланбек Касымакунович, сиз бүгүн өкмөттү отставкага кетирүү боюнча сунуш айттыңыз. Мындай күтүүсүз сунушту эмне менен негиздейсиз?
-- Мен беш айдан бери бир маселени коюп жүрөм. Тоң менен Жети-Өгүз райондорунда Кумтөргө кетчү машиналар өтүп жүрүп, жолдор бузулууда. “Ошолорго Кумтөрдүн эсебинен акча бөлүп бергиле” дегем. Ысык-Көл облусуна мурдатан эле бир пайыз берилет. “Эки районго да өзүнчө бөлүп бергиле” деп беш айдан бери айтып атсам, өкмөт болсо 0,6 пайызды Нарынга бөлүп атат. Нарындын Кумтөргө эмне тийешеси бар? Анда эмне үчүн Чаткалга, Баткенге бөлбөйт? Бул абдан трайбалисттик мамиле да!
-- Бирок, кесиптештериңиз кенде уулуу заттар сакталчу жерлер бар, алар Нарынга да таасир этиши мүмкүн экенин айтып атышпайбы?
-- Анда өкмөт айтсын, “Нарын таза эмес сууну ичип атат” десин. Жок да андай! Ким далилдеди? Эгер таза эмес суу кетип жаткан болсо, бул чоң чатак да. Токтогул районундагылар суу сактагыч жайгашканы үчүн светтин бир киловатына 8,9 тыйын эле төлөшөт. Алтын кени жайгашканы үчүн Талас, Чаткал райондору да үлүш алышат. Бул туура эле. Ошондой эле болуш керек.
-- Эл өкүлдөрү кандайдыр бир маселе койгондо региондоруна басым жасаганы канчалык орундуу?
-- Региондорго бөлүнүүнү өкмөт чыгарып атпайбы. Өкмөттүн башында ким турат? Эмне үчүн Баткенге бөлбөйт да, Нарынга бөлөт?..
"Азия Ньюс" гезити