Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Алиев: “Ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди беребиз”

Бекболот Алиев: “Ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди беребиз”

24-ноябрь, 13:30
3 631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бекболот мырза, биздин өлкөдө бизнес канчалык деңгээлде корголгон жана бизнести коргоого кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

-- 2019-жылдан бери бизде чоң реформалар жүрүп, өлкөдө жаңы Кылмыш-жаза кодекстери кабыл алынган болчу. 14 экономикалык кылмыштар боюнча толугу менен кылмыштын курамдары өзгөртүлүп алынып салынган. Ал эми 16 экономикалык кылмыштар боюнча жарым жартылайы жумшартылып, жоопкерчиликтер азайтылган. Жалпысынан 22 экономикалык кылмыштар боюнча декриминалдаштыруулар жүргөн жана декриминалдаштыруунун көлөмү 47%ды түзгөн. Бул деген бизнеске карата болгон абдан чоң жеңилдик. Андан тышкары, өткөн жылы да экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу боюнча маселелер каралды. Бизнести коргоо, бизнеске жардам берүү ниетинде Жазык-процессуалдык кодексинин дагы бир чоң өзгөртүүсү кирген. Бул өзгөрүүдө бөгөт коюу чарасы өзгөртүлгөн. Эгерде бөгөт коюу чарасы мурда камакка алуу, үй камагы ж.б. болсо, көбүнчө экономикалык кылмышта камакка алуу чарасы колдонулуп келгендиктен, биз Жазык-процессуалдык кодексине тийешелүү түрдө өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Ал өзгөртүүлөрдө бизнес кылган же болбосо бизнес субъектилери сотко чейинки өндүрүштө камакка алуу боюнча бөгөт чарасын колдонууга тыюу салынган. Бул демек, коркпой өз ишин жүргүзгөнгө толук мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, 2019-жылдан баштап текшерүүлөргө толук түрдө мораторий жарыялаганбыз. Ал 2022-жылдын 1-январына чейин узартылган. Учурда толугу менен текшерүүлөр токтоп турат. 

-- Каржы жагынан кандай колдоолор бар?

-- Ишкерлерди колдоо чаралары абдан эле көп. Пандемиядан кийин көп салыктардан, отчеттордон бошотулду. Ошол эле учурда мамлекеттик 2-3 чоң программалар ишке ашып жатат. Бул – ишкерлерди каржылоо программасы. Мунун алкагында туризм, жеңил өнөр жай, фармацевтика ж.б. тармактарга жеңилдетилген кредиттерди берүү, айыл чарбаны колдоо долбоорлору 10 жылдай убакыттан бери иштеп келет. Буга карата дагы насыяларды берүү каралып келген. Дагы бир топ ишкерлерди колдоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп келүүдө.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер