Алмаз Кадыралиев: «Салык кодекси бүгүн кабыл алынганы менен эртең кандай иштей турганын эч ким билбейт»
-- «Салык кодексинин жаңы документи көптөгөн бизнесмендерди банкроттук абалга кептейт» деген сөз канчалык жүйөлүү?
-- Окумуштуу катары азырынча Салык кодексин толугу менен изилдеп чыга элекпиз. Анализ жүргүзгөндөн кийин экономикалык моделдер менен айтып берсек туура болот. Бирок, документ «буга чейин салык төлөбөй жашырынып иштегендер ачыкка чыксын, салык төлөп жүргөндөрдүн шарты жакшырсын» деген максатты көздөйт. Биздин ишкерлер салык төлөгөндөн коркуп, өзгөртүү кирет десе эле чочуй беришет. Негизи экономикада кандай гана чечим болбосун, ал 2-3 жылда жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Ал эми 10 жылдан кийин тескери жыйынтык берип башташы ыктымал. Ошондуктан мында туура жоопту издөө кыйын. «Экономикалык көрүнүш» деген фактор болот, башкача айтканда, базар, кардарлар, өндүрүүчүлөр өзүн кандай көрсөтүп, кандай алып жүрө алат? Алдын ала кыйкырып, каршы чыгып жаткандардын арасында муну түшүнгөндөр же түшүнбөй эле айтып жаткандар болушу ыктымал. Себеби, Салык кодекси бүгүн кабыл алынганы менен эртең кандай иштей турганын эч ким билбейт. Бул базар экономикасы да, бардык нерсе суроо-талапка жараша өзгөрүп турат. Биздин рынок кичинекей жана импорт көп болгондуктан, «документ ишкерлерге канчалык кыйынчылык жаратат?» деген суроого так маалымат жок.
-- Бирок «жаңы Салык кодекси ишкерлерди кыйнайт» деген пикир бизнесмендер тарабынан айтылып жатат да...
-- Мамлекет кодекске «ишкерлер банкрот болсун» деген ниетте өзгөртүү киргизип жаткан жок. Тескерисинче, «ишкерлерге, инвесторлорго жакшы шарт түзүлсүн» деген максатты көздөйт. Башкы максат – бизнести ачык жүргүзүүгө шарт түзүү. Маселен, «сен 10 сом пайда тапсаң, анын кайсы бир пайызын качпай, салык катары төгүшүң керек» дегенге милдеттендирүү. Өзгөрүүгө барышыбыз керек. Натыйжасы эртең эле билине калбайт, кодекс иштеп баштагандан кийин кемчиликтери чыга баштайт. Өнүккөн мамлекеттерде Салык кодексине ай сайын эмес, керек болсо күн сайын өзгөртүү киргизип турушат. «Кодекс кабыл алынды, болду, ушул боюнча иштей берет» деген туура эмес. Анткени, рынок улам-улам өзгөрүп турат. Ушуга жараша өндүрүүчүлөр, сатып алуучулар, ортодо пайда көргөндөр дагы ошого жараша өзгөрүүгө барышат. Кодекс жаңыланып турушу керек. Маселен, эртең бизнес «документтин бул жери туура эмес болуп жатат» деген пикирин билдирсе, ошого жараша аны түздөөгө мүмкүн. Бизнестин өнүгүшүнө мамлекет кызыкдар. Себеби, алардын иши жүрбөсө, казынага акча түшпөйт, инвестиция жасалбайт, жумуш орундары кыскарат. Салыштырмалуу Кыргызстанда салыктын бардык түрү боюнча өлчөмү арзан. Бирок, экономика рыноктун талабы менен иштемейинче, алдыга жылуу мүмкүн эмес.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити