Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда арак ичкендер азайды
Кыргызстанда арак ичкендер азайды
26-октябрь, 12:06

Улуттук статистика комитети 2019-2020-жылдары ичкиликке берилип кеткендердин саны кыйла азайганын жарыялады. Алардын маалыматы боюнча 2018-жылы ичкиликтен чыга албай калгандар 1191 болсо, 2020-жылы бул сан 995ке кыскарган.
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуеванынкөз карашында, ичкиликке берилип кеткендердин аз катталышына пандемия себеп болушу мүмкүн.
Анын маалыматы боюнча, 2018-жылы аракечтикке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда катталган. Ал эми акыркы эки жылда бул көрсөткүч кыйла азайган.