Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Милана САРИЕВА, ырчы: “Кандай каралоо болсо да Өмүрбек Бабановду баалайм”

Милана САРИЕВА, ырчы: “Кандай каралоо болсо да Өмүрбек Бабановду баалайм”

07-декабрь, 12:53
1 160 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жети жашынан бери музыкалык жаатта билим алып келе жаткан Милана Сариева бүгүн бизде конокто. Ал буга чейин бир топ сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багынтып, өз өлкөсүнүн намысын коргогон, жаш болсо да бир топ ийгиликтерди жараткан таланттуу кыз.

-- Милана, чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың?

-- Өзүм мектеп жашыман эле ырдап келатам. Хорго, атайын ийримдерге катышып, үнүмдү таптап келдим. Апам мени алгач №9 музыкалык мектепке берген. Кийин П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде билим алдым. Ал жактан комуз, фортепиано, кыл кыяк аспаптарында ойноону өздөштүрдүм.  

-- Азыр кандай жаңылыктарың бар?

-- Учурда консерваториянын эстрада бөлүмүнө биринчи курска өттүм. Буюрса келерки жылдан баштап ар кандай сынактарга катышып, жаңы стилде ырдап чыгам. Ошол стилди ойлонуштуруп жатам. Жаңы жылдан соң чыгармачылыгымды алдыга жылдыруу тилектерим бар.  

-- Тасмага тартууга да чакыруулар болуп жатабы?

-- Тасмага чакыруулар болуп турат. Ноябрь айларынын башында “Кошунаны тандабайт” деген сериалга катыштым. Ал жакта чоң роль жаратпасам да өзүмө жаккан роль болду. Буюрса, чоң образдарды жараткым келет. Негизинен тасмага тартылуу абдан жагат.

-- Азыр жаш ырчылардын саны өтө көбөйүп кетти. Өзгөчөлөнүп чыгуу мүмкүнбү?

--Туура, ырчылар көп. Ошого жараша ар ким өзүн ар тараптан көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок, ар бир ырчынын өзүнүн үнү, стили болот, ага жараша күйөрманы болот дегендей… Ал жагы азырынча сыр болуп турсун.

-- Саясатка кызыгасыңбыСаясатчылар тойлорго чакырып турабы?

-- Өзүм саясатка кызыга бербейм. Кандай гана каралоо болбосун, баалаган саясатчым катары Өмүрбек Бабановду айта алам. Тойлорго саясатчылар деле чакыра бербейт. Тойдон мурун эл аралык чоң сынактарга катышуу менин максатым. 

-- Ушактарга кабылып, капа болгон учурлар болобу?

-- Ушак ар дайым болуп келген жана боло берет. Айрыкча кызыктуу, атактуу адамдарды ушактаган, жеке жашоосуна кирип алуу айрым айымдардын күнүмдүк жашоосуна айланган. Ушактардан эч жакка качып кете албайбыз.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер