Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баарына аялдык сүйүүсү менен алсыздыгы күнөөлүү болду

Баарына аялдык сүйүүсү менен алсыздыгы күнөөлүү болду

05-март, 13:12
1 021 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бактылуу өлүм жок деңизчи, бирок жер каймактагандан бери эле өтө таланты ташкындагандардын, атагы таш жаргандардын көпчүлүгүнүн өлүмү өтө трагедиялуу аяктайт. Уу ичип, асынып, акылынан ажырап жинди болуп, жол кырсыгына кабылып, аракка, баңгизатка берилип кайгылуу өлүмгө учурашат. Уитни Хьюстондун өлүмү да ушундай болду.    

Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы Ньюарк шаарында Нью-Джерси штатында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы аскер кызматында болсо, апасы Сисси Хьюстон жана тайжеси Дайон Уорвик өз шаарына белгилүү ырчылардан болушкан. Дал ушул жакын адамдарынын ырчылыгы Уитнини музыка дүйнөсүнө болгон кызыгуусун ойготкон. Эч кимде жок керемет, кайталангыс үнү бар үчүн Уитни түнкү клубда апасы менен ырдап, белгилүү продюссердин көзүнө илинген.

Кызынын ташкындаган талантына ишенген ата-эне Уитни мектепти аяктамайынча алгачкы келишимдерден, башталчу карьералардан баш тартышат.

Уитни 16 жашка толгондон тартып, алгачкы ырларын жаздырып тим болбостон модель болуп иштөөгө да кадам таштайт. Анын суктандырган сулуу жүзү журнал беттеринен түшпөй жарык көрүп, дүйнө жүзүнө дүң болот.

Уитни Хьюстон 1992-жылы тартылган «Телохранитель» тасмасында Кевин Костнер менен башкы каармандын образын жаратат. Мурун эле атактуулуктун даамын таткан Уитни бул тасма жана «I will always love you» аттуу белгилүү ырынын атынан коюлган альбомунан соң дүйнө жүзүнө жаркыраган чыныгы жылдызга айланат. Сыйлыктарга чөмүлөт. «Оскар», «Гремми» сыйлыктарына бир нече ирет татыктуу болуп, Гиннес китебине кирет.

1992-жылкы Уитни Хьюстон менен Бобби Браундун никеси көпчүлүктү эстен тандырат. Уитни поп-ханышасы, дүйнөгө дүңгүрөгөн жылдыз болсо Бобби турмушта жолу болбогон, көпчүлүккө жага бербеген адам эле.

1993-жылы алардын кызы Бобби Кристина жарык дүйнөгө келет.

15-жылга созулган бул никени күйүп-жанган сүйүү да, кайгы азаптар да коштоп жүрүп олтурат. Бобби Браун атактуу аялын уруп сабап, баңгиликке олтургузуп, ырчынын тагдырын талкалайт. Кайран жылдызды кара булут каптай баштайт. Өзгөчө «Телохранитель» тасмасынан кийин дүйнөнүн төрт бурчунда анын талантына, ырларына суусагандар көп эле. Уитни аларды суусаткан бойдон, издеткен бойдон көп ырларын жаратпай, толук ачыла элек розадай, муңдуу чымчыктай болуп кете берди. Мунун баарына анын аялдык сүйүүсү, аялдык алсыздыгы күнөөлүү болду.

21-кылымдын башталышында Уитни өткөн күндөрүнө кусаланып, ал күндөргө кайтып баргысы келип, бетине пластикалык операция жасатат. Бирок баңгиликтин айынан абдан арыктаган жылдыз көрүүчүлөрүн эстен тандыра албайт. Керемет үнү да бузулат. Бул соккулардан соң мас абалында сахнага чыгып, нечен ирет белгиленген концерттери болбой калат.

Дүйнөгө дүңгүрөгөн Уитни Хьюстон 2012-жылы 12-февралда 48-жашында көз жумду. Поп-ханышасынын табышмактуу өлүмү тууралуу түркүн божомолдор айтылууда. Бири баңгиликке шылтаса, бири таблетка ичип жан берди, бири ваннага чөгүп өлдү, бири кызы да баңгиликке берилгенин көрүпкайгыга чыдабай кетти дейт. Кандай өлүм болсо дагы көрүүчүлөрүн суусаткан, издеткен ырчы айым жарыкчылыкты таштап кетти. Качандыр бир Уитни Хьюстон адамга катуу таасир берчү препарат: кокаин, марихуана, алкоголь боюнча: «Менин мойнумда шайтан олтурат. Ал менин жакын досум же абдан жаман касым» деп айткан. Уитни ошол касынын курмандыгы болду. Арадан үч жыл өткөн соң кызы Бобби Кристина да апасынкы сыяктуу эле кайгылуу өлүм менен каза болгон. 

Айзирек Алкожоева  

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер