Болот Сүйүнбаев кылмыш иштерин кантип жаптырып алган?


2020-жылдагы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин УКМКнын мурдагы орун басары Болот Сүйүнбаев өлкөдөн качып кеткен. Себеби, алтын контрабандасы боюнча кылмыш иши козголуп, уу-дуу кеп жаралган эле. Чет өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылган алтындарга “крыша” болгонбу? Ушундай иштерге байланыштуу издөөгө алынганы ЖМКларга чыккан. Эми карап туруңуз, кызыгы, Болот Сүйүнбаев бир топ убакыттан бери өлкөдө ээн-эркин эле талтая басып, жыргап жүргөнү айтылууда. Алтургай жамандык-жакшылыктардан көргөндөр да бар экен. Ошондо “Сары Болот” кылмыш иштерин кантип жаптырып алган? Коомчулукка маалымат берилген жок го? Алып-жулуп байыгандары менен көмүскөдөн бөлүшүп, “карга карганын көзүн чокубайт” ишарасында бүткөнбү? Канча “кусту” болду экен? Айтор, суроолор арбын. Эмнеге официалдуу маалымат берилбейт?
"Азия Ньюс" гезити











