Иштеп жүрүп үйүн карай албаган аялдар эмне кылыш керек?


Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет.
Бул жолу Чынара (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын жазгандарын сунуштайбыз.
“Саламатсыздарбы, мени бир суроо ойлондуруп жатат. Тигүү цехинде иштейм. Таң эрте жумушка кетип, кээ күндөрү эл жатарда жумуштан келем. Үч балам бар. Өздөрү бири бирин карашат, улуусу 6-класста. Кечинде чарчап келип, бут тартпай жыгылам. Үй оокаттарын карай турганга күчүм калбай калат. Эс алуу күндөрү баарын жасаганга аракет кылам. Балдарыма, жолдошума көңүл бөлө албай жүргөнүм чын. Жолдошум анда-санда чыккан жумуштарга иштеп калат. Эки жылга жакын убакыттан бер күйөөм жана кайын эжелерим бир тарап болушуп, мени басынтып жатышат. Алар мени тазалыкты сактабаган, жүдөө, кир, семиз аял (!) деген шылтоо менен күнөөлөп, ал тургай ажыраштырууга аракет кылышууда. Мен болсо иштебей коюп, үйдү эле карап отурайын десем жолдошумдун тапканы жетпейт. Насыя да алганбыз, ошону төгөлү деп аракет кылам. Ушундай жагдайда эмне деп кеңеш бере аласыздар?”, - деп кайрылды Чынара.
Чынарага эмне деп кеңеш бере аласыз урматтуу окурман?











