Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Түмөнбаев сөзүнө туруп, Сокенин макамын алдыра алабы?

Акылбек Түмөнбаев сөзүнө туруп, Сокенин макамын алдыра алабы?

07-сентябрь, 10:01
477 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баса, депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттен Сооронбай Жээнбековдун кылмыш иштерин көтөрүүнү, экс-президенттик макамын алууну айтып чыккан. Ошентип, өткөн жазда бир күпүлдөп коюп, жок болуп кетти. Азыр күз келди. Сөзүнө туруп, демилгесинин аягына чыгабы? Жайы менен иликтеп-жиликтеп келгенге деле жетишмек да... Чындыгында Сокенин Кой-Таш, Октябрь окуяларына байланыштуу зомбулуктары, коррупциялык иштери ачылбай калабы? Экс-президент болуу үчүн мөөнөтүн толук өтөө мыйзамга, талапка ылайык. А Сокеңер үч жылда бийлигин таштап кеткен. Негизи деталдаштырып, өткөн чактын кыңыр кептерин көтөрө берсек, былыгы арбын дечи. Бул таризде атайын органдарда жетиштүү маалыматтар болсо, саясаттын ыңгайына жараша кармап турушкандай. Натыйжада, Акылбек Түмөнбаев сөзүнө туруп, экс-президенттин макамын алдыра алабы? Мандаты бар, бир эсе ажонун кудасы, баардык жагынан мүмкүнчүлүгү кенен, бирок саясый эрки жетпей жатабы? Баам сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер