Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Элдар Абакиров: “Өз добушун саткан элге көңүл айтам, ал жамандык катары кайтат”

Элдар Абакиров: “Өз добушун саткан элге көңүл айтам, ал жамандык катары кайтат”

14-август, 19:25
571 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ата Мекен” партиясынан шайлоого аттанган маектешибиз учурдагы саясат, шайлоо оюндары боюнча кеп козгоду.

-- Алдыдагы парламенттик шайлоого карата ачык эле партия мүчөлөрүн караламай, шылдыңдоо сөздөрү, фейк аккаунттардын комментарийлери күч алды...

-- Мунун себеби, мурунку шайлоолордо интернет мынчалык колдонулчу эмес.  Мурда ушак сөз менен таратылса, азыр жалган сөздөрдү интернет аркылуу таратып жатышат. Ошон үчүн элге да башкача таасир калтырып, баш айландырат. Бул жаман. Бирөө тууралуу дайыны жок эле тескери ушак таратсаң – чоң күнөө. Саясат деп эле жалган маалыматтарды жаратуу жаман нерсе. Менимче, ар ким кылган ишине жараша өз жазасын алат. 

-- Азыр али үгүт иштери баштала элек. Эгер башталса, социалдык тармактарды кароо жүрөк оорутчудай...

-- Убакыт көрсөтөт. Жеке адамдарга асылмай, партиялардын курамы тууралуу жалган материалдар жабырап жүрөт. Жакында БШКда баардык тизмелер бекитилет. Ошондо эле ким кай жакка барды – баары бештен белгилүү болот. Ким кайсы партияда, алдыңкы тизмеде кимдер бар экенин эл өз көзү менен көрүп, ал партиялар шайлоону кандай ыкма менен жүргүзөрүн сезет. Бирөө коркутуп-үркүтөт, бирөө кызмат сунуштайт, бирөө алдайт, бирөө акча берет, бирөө элге чын жүрөктөн кызмат кыларын айтат... Акыры эл өзү таразалап, колдогонун колдойт, сатылганы сатылат. Ошого жараша кийинки беш жылда үзүрүн көрөт.

-- Бул чакырылышта депутаттыкка кызыккандар айрыкча көбөйгөндөй?

-- Өнүккөн өлкөлөрдө саясатка дайыны жок кызыга беришпейт. Саясатчы айлыкка жашаган киши. Бизде болсо кээ бир кыргыздар бай болсо “депутат” деген ат үчүн баргысы келет. Кээ бирлери өз бизнесин коргоп, “чимкирик” дегендей эле ыпластыкка айланат. Айрымдары жеп-ичкени, айрымдары чындап элге кызмат кылгысы келип барат. Ошол кызмат кылган билимдүү, духу бар адамдар депутаттыкка көбүрөөк өтсө, Кыргызстандын өнүгүшүнө шарт түзүлөт эле. Андыктан, кимдин кандай принциби бар – баары электен өтөт. 

-- “Акчанын ролуна басым жасалат” дегенге канча пайыз кошуласың?

-- Биз деле региондорду кыдырып жүрөбүз. Интернетке роликтер чыгып жатат. Акча сунуштагандар көп эле болот. Өз добушун саткан элге көңүл айтат элем. Ал кайра эле өздөрүнүн, бала-чакасынын башына муш болот. Жакшылык эмес, жамандык катары кайтат. Ого бетер кедейликке батмай күч алат. Кудай сактасын, жаңыларды сатып алган бийлик туура эмес иштерди кылып, коронавирус же башка ушуга окшогон кырсыктардан жакындары да жапа чегип калышы мүмкүн. Келечегин, өмүрүн, керек болсо Кыргызстандын эгемендигин сатып жатышат. Мен буларды “саткын” деп эле атайт элем. Башка сөз жок! 

-- “Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, утулуудан корккон жоксуңбу?

-- Биздин жүрөк Кыргызстан үчүн согуп жатат. Кыргызстан үчүн жүрөгү соккон адамдар көбөймөйүнчө, өлкөбүз оңолбойт. Ошон үчүн утсак дагы, утулсак дагы Кыргызстан үчүн иштейбиз. Бирок утабыз деген ишеничтемин. Пандемия азыркы бийликтин сапатын көргөздү. Мурунку шайлоого салыштырмалуу эл көп сатылбайт деген үмүттөбүз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер