Азиза Абдирасулова, укук коргоочу: “Президенттик башкаруу авторитардык режимге алып барат”
-- Азиза эже, эмнеге мамлекетте тартипке келтирүүдө ашыкча чектөөлөрдү киргизүү адатка айлана баштады?
-- Биз, шайлоочулар өзүбүз ушундай жолду тандап алганбыз. “Бизге демократия жакпайт, жарашпайт экен” деп авторитардык режим менен жашап жаткан Россия жана Кытайдын жолу менен кетсек, өнүгөбүз” дегендер да болду. Эл деген эл экен. “Камалып чыккан адам жакшы президент болот, оор күндөрдү башынан өткөрдү, жакшы-жаманды түшүндү, эч качан элге кыянаттык кылбайт” деген пикирде болдук. Анан күчтүү президенттик башкаруудагы системаны тандап алдык. Күчтүү президенттик башкаруунун жыйынтыгы ушундай эле болот. Акырындык менен авторитардык режимге алып барат. Алгач куугунтук журналисттерден башталды. Андан кийинки кезек бейөкмөт уюмдарына келди. Бейөкмөт уюмдардын колу-бутун тушаган мыйзамдарды кабыл алышты. Эми кезек адвокаттарга жетти. Адвокаттарга да басым, кысымдар башталды. Ошондой эле жергиликтүү бизнесмендер менен саясый оппозицияга куугунтук кадимкидей эле күчөдү. Депутаттардын акыбалын көрүп жатабыз. Камалып, мандаттарын аргасыз тапшырып жатышат. Бул дагы биздин басып өтө турган жолубуз окшойт.
-- Кыргызстан мына ушундай жолду басып өтүшүнө эмне себеп болду?
-- Мындай жолду басып өтүшүбүзгө Кыргызстандын жарандары эркиндиктин баасын биле албаганыбыз себеп болду окшойт. Анткени 1991-жылы Михаил Горбачёвдин чечими менен эле союз таркап кетти. Тагыраагы, эркиндик эч кандай кан төгүүсү, күрөшү жок эле келип калды. Алтургай эркиндик кантип келип калганын өзүбүз да түшүнбөй, заматта көз карандысыз болуп калдык. Польша, Чехия, Грузиядагы күрөштүн бирин да башыбыздан өткөргөн жокпуз. Прибалтиканын эркиндик үчүн күрөшкөн мисалдарынын бирин да көргөн жокпуз. Борбор Азия мамлекеттерине эркиндикти белек катары эле берип коюшту. Ошон үчүн анын баркын, баасын билбей жатат окшойбуз.
Мүмкүн биз ушул режимден да өтүшүбүз керектир. Бул режимден өтсөк, чет жактан келген инвесторлор, бизнесмендердин Кыргызстанга жана Кыргызстандын жарандарына болгон мамилесинен мүмкүн биз көз карандысызбыз (!) деген эркиндикке умтулган сезим ойгоноор.
Мен 1998-2000-жылдан бери адам укугун коргоп келаткан адам катары, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Аксы окуясына катышкан активдүү жаран катары айтсам, биздин жарандар жердин кадырын жакшы сезбей келе жатабыз. Мени ошол нерсе абдан өкүндүрөт.
"Азия Ньюс" гезити