Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Театрдын алпы Марат Алышпаев көзү өткөндөн кийин сыйлыкка ээ болду

Театрдын алпы Марат Алышпаев көзү өткөндөн кийин сыйлыкка ээ болду

11-июль, 16:27
339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

75 жашында дүйнө салган Кыргыз эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев эл аралык киносыйлыкка татыды. Режиссёр, сценарист Дастан Жапар билдиргендей, маркум актёр "Акыркы көч" тасмасындагы ролу үчүн сыйланды.

Россиянын Псков шаарында өткөн "Батыш дарбазалары" эл аралык фестивалында "Акыркы көч" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болсо, баш каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарганы үчүн Марат Алышпаевге диплом ыйгарылды.

Эки сыйлыктын ээси болгонубузга, өзгөчө Алышпаевге берилген сыйлык үчүн кубанычтабыз. Көзү өткөндөн кийин алып жатканы өкүнүчтүү. Эл артисти аткарган эмгектери үчүн көптөгөн сыйлыктарга татыктуу.

Белгилей кетсек, Марат Алышпаев ушул жылдын 4-апрелинде каза болгон. Ал тасмада 20дан ашуун роль жараткан. Театрдагы образдары 100гө чамалайт, анын көбү башкы ролдор болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер