Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстандан качкан бизнесмендер кайтып келишпейт”

“Кыргызстандан качкан бизнесмендер кайтып келишпейт”

08-декабрь, 12:00
937 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бийлик канчалык деңгээлде ишкерлерге камкордук көрүүдө? Чет өлкөгө качкан бизнесмендерди кайрый алабызбы?

Төрөбай Колубаев, серепчи:

-- Чет өлкөгө качкан бизнесмендер Кыргызстанга оңой менен келбейт. Анткени, азыр тандалма саясат жүрүп жатат. Алар ошондон кооптонушат. 

Бийлик “ишкерлерди камкордукка алабыз” дегени менен ишкерлер анчалык деле жеңилдикти сезе элек. Тоскоолдуктарга кабылып эле жатышат. Кыскасы, чийеленген маселелер толтура. Соттор тазалана элек. Жарытылуу реформа боло элек. Өкүнүчтүүсү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү пара алып кармалып жатышат. 

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:

-- Чет өлкөгө бир топ эле бизнесмендер качып кетишти. Бирок, алардын көбү Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Анткени, бөлөк жердин салыгы бул жактан бир канча эсе көп. Бизнесмендердин тапканынын 50-60 пайызын салыкка алып койгон мамлекеттер бар. Ошонун айынан кеткени менен карайлап байкуштар кайра эле Кыргызстанга келишүүдө. Мен билгенден бир топ бизнесмен, ишкерлер Кыргызстандан өткөн жер жок экен деп келип жатышат. Айрымдары келейин десе да келе албай турушат. Анткени, Кыргызстанга келсе, алардын үстүнөн кылмыш иши козголот. Алардын аттарын атабай эле коёюн. 

Ишкерлерди мамлекет камкордукка алуу үчүн адегенде Жогорку Кеңеште ишкерлерди колдогон мыйзамдар жазылып, кабыл алынышы керек. Сырттан келген инвесторлорду эле эмес, өзүбүздүн ички инвесторлорду, инвестицияларды да коргогон мыйзамдар жазылышы зарыл. Ал мыйзамдар иш жүзүндө аткарылганда гана ишкерлер мамлекеттин камкордугун сезет.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер