Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

Эгемен Кыргызстандын өндүрүшүнүн абалы жана Жарасул Абдураимовдун тагдыры

19-август, 22:12
1 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Негизи бул Кыргызстан экономикасын кыйратуу жана республикабызды мамлекеттик бюджетти толуктаган негизги булактардан – мына ушундай ишканалардан ажыратуу менен түбөлүктүү карызкор өлкөгө айлантуу максатындагы диверсиялык операциясы болгон эле. Мындай аракеттер буга чейин Латын Америкасынын бир катар мамлекеттеринде да ишке ашырылган.

Өлкөдөгү өнөр жай ишканалары менен агрардык сектордун кыйрашынан улам эл массалык түрдө Кыргызстанды таштап кете баштады – жумуш орундарын жана жакшы жашоо издеп, миллиондогон мекендештерибиз республикадан чыгып кетишкен…

Цитата: “ДАСТАН – бул менин жүрөгүмдү ооруткан нерсе да. Атын дагы өзүм койгон элем... Убагында аны ПЕСАК программасына киргизбей койгом. Социалдык объектилердин бирөөнү дагы менчиктештирген жокмун. Кой-Таштагы жерге көз артып, кимдер гана кайрылган жок! “Мээрим” фондусунан баштап, “мен” деген чиновниктердин баары айтып көрүштү. Алардын жазган каттары дале архивде жатса керек. Баардыгына “жок, бул жерге заводдун профилакториясы курулат” деп жооп бергем. Көрсө, менин проблемаларым ошондон башталган экен. Индия менен 90 миллион долларга келишим түзүлүп, акча келгенде “Дастанда” чоң оюндар башталып кетти дагы, мени жумуштан алышты. Ал өзүнчө чоң тарых...” – Ж.О.Абдураимов (“Азия News” гезити, №35 (271), 06.09.2018).

Ошол эле Ысык-Көлдөгү "Радуга" пионер лагерин, “Солнечный берег” пансионатын, Кой-Таштагы бакты Жарасул Абдураимов менчиктештирүүдөн сактап калганы ырас.

Акыры жогору жактан буйрук келип, заводдун жумушчуларынын арасында толкундануу болбошу үчүн айыпталып, караланып, аброюна шек келтирип, 2 айга КР мамлекеттик коопсуздук комитетинин СИЗОсуна камап коюшкан. Ошондо да “коопсуздук күчтөрү” дегендер күнөөсүздүк презумпциясынын принциптерин карманбай, аброюна доо кетирип, адам укуктарын бузушту. Жыйынтыгында, кылмыштын далилдери жок болгондуктан бошотулуп, тергөө иштери жабылган. Заводго бийликчил Табалдыев Султанбек дайындалган эле. Ошону менен ал эргул А.Н.Туполев атындагы авиациялык илимий-техникалык комплекси дагы ТУ-34 чакан авиация учактарды чыгаруу боюнча долбоордон баш тарткан. Кытайлык компаниялар менен биргелешип, үй чарба техникаларын өндүрүү иши дагы токтогонун эскерте кетели. Цехтер жеке компанияларга ижарага берилип, персонал кыскарып, негизги өндүрүштөр токтоп калган.

Мындай катаклимздер менен катар эле чет элдик консультант-диверсанттардын Кыргыз Республикасынын өнөр жай потенциалын жок кылуу жана Россиядан алыстатып кетүү максаттары акырындык менен ишке ашырылып жатты. 

Андан кийинки жетекчилер ишкананын өндүрүштү жандандырууга аракет да жасабастан, бир кездеги Кыргыз ССРиндеги эң ири завод болгон бай мурасты менчиктештирүү менен гана алек болушкан. Заводдун аймагын бөлүштүрө баштап, көп кабаттуу үйлөрдү (эл оозундагы "элиткаларды") куруу пландалган. Бүгүн көрүп тургандай, ал "элиткалар" курулуп бүтүптүр...

Ошого карабастан, бүгүнкү күндө ААК ТНК «Дастан» - Кыргызстандагы аскердик өнөр жай комплексинин жалгыз ишканасы болуп, андан дагы белгилүү 2009-жылдын февралындагы окуяларга карабастан өзүнүн өндүрүштүк потенциалын мүмкүн болушунча сактап калган. Ал кезде Кыргызстандын президенти менен Россиянын президенти Бишкектин Москва алдындагы 180 миллион долларлык карызын кечирүү боюнча макулдашышканы маалым. Кыргызстан бул үчүн «Дастан» заводунун 48% акциясын Россияга өткөрүп берүүгө милдеттенген.

Россия «Дастан» заводуна кызыгуу билдиргенден кийин, заводдун акцияларын мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге баш ийген түзүмдөр массалык түрдө сатып ала баштаган. Натыйжада, контролдук пакет топтолуп, карызды жабуу үчүн Москвага 37% акция сунушталып, калган акциялар базар баасында сатылат деп жарыяланат. Мунун кесепетинде өкмөттөр аралык келишимдер бузулган. Кийинки жылдары ААК ТНК «Дастандын» мүлкү мезгил-мезгили менен сатууга коюлуп же инвесторлорго сунушталып келген.          

Жарасул Абдураимовдун соңку мезгилдердеги ишмердүүлүктөрү да жалаң гана өндүрүш менен айкалышып келет. 

1996-1999  жеке ишкерлик менен алектенет;

1999-2000  "Жанар" ишканасынын президенти;

2000-2007 – Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" ишканасынын башкы директору. 

Аныктама: “Кристалл” ишканасы көптөгөн көйгөйлөргө жана сот процесстерине туш болгон. Миллиондогон карыздары бар болчу. Бирок, күнү-түнү болгон кажыбас эмгектенүүнүн натыйжасында ишкана сакталып калды дагы, чет өлкөлүк инвесторлор тартылып, карыздардан кутулуп, 2006-жылы “Кристалл” 170 килограмм эң жогорку сапаттагы поликремний чыгарды. Ишкананын төрт меши ишке киргизилип, жаңы жабдуулар орнотулуп, эсептөөлөр боюнча 2007-жылы эле "Кристалл" 20 миллион АКШ долларга 330 тонна поликремний өндүрүп, ошону менен эбегейсиз киреше алып келиши керек болчу. Бирок дагы деле ошол кездеги саясатчылар өндүрүш процессине тоскоолдук кылышып, чоң киреше таба турган ишканага шашылыш түрүндө өздөрүнүн жакын адамдарын кызматка дайындашкан. Натыйжада завод эч качан толук ишке кирген эмес.

Цитата: "Завод талаш-тартышта жүрө берип, технологиядан дагы артта калды, шаймандарынын баары эскирип жок болду. Бул завод боюнча өкмөтүбүздүн бир туруктуу саясаты дагы болгон жок..." – Ж.О.Абдураимов (“Учур” гезити, №35 (201), 06.09.2012).

Жарасул мырза илим менен техниканын келечегине өбөлгө боло ала турган кесиптик билим берүү ишине да көп көңүл бурду. Алсак: 

2007-2009 – “Нанотехнология институтунун ректору;

2009-2010 – экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы;

АныктамаКыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдикке, ал кезде Бажы союзунуна жаңы эле кошулуп, көптөгөн техникалык регламенттерди жаңылатуу жана ишке киргизүү иш-чараларын башкарып турган. Кыргызстан өз атынан дагы жаңы техникалык регламенттерди түзгөн эле.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү үчүн техникалык регламенттер жаатындагы ондогон мыйзам долбоорлорун жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлорун иштеп чыгуучу топторду жетектеген жана катышкан.

Алардын ичинен «Табигый бал» (2013-жылдын сентябрында бекитилген) техникалык регламентин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту жетектеген, аны иштеп чыгуунун жүрүшүндө бир нече инновациялык позициялар киргизилип, илимий жактан далилденген, атап айтканда, «диастаздык сан» боюнча, ошондой эле Евразия Экономикалык Шериктештигинин өлкөлөрүнүн эксперттик тобунун деңгээлинде, андан кийин бул өлкөлөрдүн техникалык регламенттерин иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын эксперти Сарыгулов Султан Исламович жумушчу топту жетектеген.

2011-2020  Футзал (мини-футбол) федерациясынын президенти;

2013-2015 – "Кумтөр Голд Компани" ЖАКда жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча директордун орун басары, "Ысык-Көл облусунда жумуш орундарды түзүү жана өнөр жайды өнүктүрүү" долбоорунун жетекчиси;

Аныктама: ондогон бизнес-долбоорлорун иштеп чыгып, жаңы ишканаларды Ысык-Көл облусундагы айылдарда түзүп берген топту жетектеген. Алардын арасында табигый ширелерди чыгаруучу завод жана тигүү цехтери бар. Андан тышкары, автоунаалардын эски дөңгөлөктөрүн жерге төшөө үчүн плитка чыгарганга резина күкүмүнө айландыруу долбоорун иштеп чыгып, ишке киргизилди. Ошондой эле калдык майларды кайра иштетүүчү майга айлантуу долбоору. Бул долбоорлор “Кумтөр” кениндеги калдыктарды азайтууга олуттуу жардам берди.

2016-2018 – Машина куруучу "JONWAI Machinery Works Co., Ltd" заводунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси;

2018 – Биринчи вице-премьердин инвестиция тартуу жана өнөр жай маселелери боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси;

Аныктама: Кыргыз Республикасында өнөр жайды, энергетиканы жана айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле транспорттук инфраструктураны, унаа жолдорун жакшыртуу жана электромобилдерди ишке киргизүү боюнча ондон ашык долбоорлор иштелип чыккан.

“Кыргыз Республикасында электромобилдерди жана алар үчүн кубаттагычтарды киргизүү жана колдонуу” боюнча долбоордун автору. 2018-жылы Кыргызстанда болгону 4 электромобил болсо, 2021-жылы 100 унаа, ал эми 2022-жылы 1,1 миң электромобил катталган; 2023-жылы - 2,3 миң; 2024-жылы - 3,1 миң. Бүгүнкү күндө өсүү динамикасынан алганда, программа ийгиликтүү ишке ашат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет.

Цитата: "Бизде, Кыргызстанда уникалдуу шарт бар. Союздан калган бош жаткан заводдор турат. Бул биринчиси. Экинчиден, биздин өзүбүздүн нефтибиз болбогондон кийин жылына канчалаган миллион доллар акчаларды күйүүчү май сатып алууга кетирип жатабыз. Чиновниктерди тейлеген машиналар үчүн канча акча кетет? Экология бузулууда. Ошол жагын бүт эсептеп чыгыш керек. Мен түзүп берген программаларда алардын баары эсептелип чыккан. Аны сунуштаганыма беш жылдан ашып кетти. Былтыр кичине жылыш болуп, ноябрда берилген сунуш 7-мартта презентацияга жетти. Программасы, иш-планы ар бир министрликтерге берилген..." – Ж.О.Абдураимов (“Азия News” гезити, №35 (271), 06.09.2018).

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электромобилдер рыногун өнүктүрүүдө алгачкы кадамдар жасалганын белгилей кетсек, бул тармакта биринчи демилгеси менен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы №154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамынын 3-беренесине ылайык, электр транспорту – электр энергиясынын көз карандысыз булагы (аккумуляторлор, күйүүчү май элементтери, конденсаторлор ж.б.) түшүнүгүнүн аныктамасы киргизилген. 

Ошондой эле кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы №407 токтому менен транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассилеринин паспортторун), өзү жүрүүчү транспорт каражаттарынын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун берүүнүн тиешелүү тартиби бекитилген – кубаттуулугу беш киловаттан ашык болгон электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө арналган автотранспорт каражаттарына берилүүчү паспорт деп аныктамасы киргизилген.

Андан кийин ушул долбоорго 6 жыл болгондо, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы №385-р буйругу менен 2019-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын колдонууну стимулдаштыруу жана заряддоо инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планы кабыл алынган, электр кыймылдаткычы бар автоунааларды импорттоо ставкасын нөлгө түшүрүлдү, шаардык электр транспорту үчүн электр энергиясына стимулдаштыруучу тариф жана электр аркылуу жүрүүчү автотранспортту жалпы пайдалануудагы кубаттоочу станциялары бекитилди ж.б.

Бүгүнкү күндө Өкмөт электр транспорт боюнча долбоорду өтө жай болсо да ишке ашырууга аракет кылууда.

Андан соң каарманыбыз:

2019  экономика министринин коомдук башталыштагы өнөр жай боюнча кеңешчиси;

2019 – “Азия Өнүктүрүү Банкынын” (АБР) «Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирүү: мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу» долбоору боюнча, Кыргыз Республикасынын өнөр жай секторун өнүктүрүү боюнча эксперти;

2020, октябрь – өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалайт. Тийешелүү буйрукка КР премьер-министри С.Н.Жапаров кол койгон.

Аныктама: ковидден кийинки мезгилдеги баардык кыйынчылыктарга, чуулгандуу Жогорку Кеңешке шайлоосуна жана 2020-жылдын октябрь окуясына, Тажикстан менен болгон чек арадагы окуяларга карабастан, түштүк регионунда саясый жана социалдык-экономикалык туруктуулукту орнотууга эбегейсиз салым кошту.

2021, март – КР министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Мариповдун буйругу менен коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп дайындалды. 

2021, июль – экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Марипов кол койгон.

Аныктама: Чыгыш Европадагы окуялардан жана Россиянын Украинадагы атайын операциясынан улам келип чыккан Кыргызстанга дагы таасир эткен экономикалык кризисте туруктуулукту орнотууга салым кошкон.

Цитата: "Жарасул Абдураимовду жаңы кызматка дайындоо тууралуу чечим анын өнөр жай секторундагы бай тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынды. Мурда ал бир катар өнөр жай объектилерин жетектеп келген" – деп өкмөттөн кабарлашты (“Sputnik Кыргызстан” сайты, 22.07.2021).

2022, январь – "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалат. Ж.О.Абдураимовду эмгек жамаатка КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Э.Төрөбаев тааныштырган.

Аныктама: Англиядагы Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун “Good delivery” статусун кайра калыбына келтиргенине зор салым кошкон.

2022-жылдын октябрь айынан 2025-жылдын январь айына чейин "Кыргызиндустрия" ААКтын президенти болуп кызматын аркалаган.


(Уландысы бар)

Каныбек Осмоналиев, профессор   

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер