“Мамлекетти, улутту жок кылгың келсе, билим берүү системасын талкалаш керек”
-- Кыргызстанда саны көп, бирок сапатсыз жогорку окуу жайлары ар дайым сынга кабылып келет. Билимдүү келечекти өстүрүү, илимди байытуу жагы жакынкы жылдары оңолобу? Өзгөрүүгө үмүт барбы?
Ибрагим Жунусов, экс-элчи:
-- Чынында эле жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү контракт чогултуу үчүн гана иштеп жаткандай. Ошон үчүн талапка жооп бербегенин жаап, сандан сапатка өтүү керек. Азыр Кыргызстандагы ЖОЖдордун так санын билбейм. Мен вице-премьер кезде Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар болчу. Анын басымдуу бөлүгү мамлекеттик жогорку окуу жайлар эле...
Акыркы мезгилде алы жеткени эле окуу жай ача берип, саны бар сапатсыздыкка батып кеткени чындык. Студент сабакка келбесе да, контракт төлөгөнү үчүн окута берүү – билим берүүнү аксатып, натыйжасыз кадрлардын көбөйүшүнө жол ачат. Ошон үчүн билимди жөндөп бере албай, пайданы гана көздөгөн окуу жайларды жаап, чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек.
Сапатсыз билим берүүнүн кесепети кандай болорун Африканын университетинде жазылып турган жазуу менен түшүндүргөнгө аракет кылайын. Эгерде мамлекетти, улутту жок кылгың келсе, билим берүү системасын талкалаш керек. Бул тармак талкаланса, врачтардын жетиштүү билими жок болуп, ноокастарды дарылай албай өлтүрө баштайт. Мындай кыйроо дагы уланса, жаман архитекторлордун кесепетинен алар курган үйлөр кулаганга дуушар болот. Чала сабаттардан билим алган мугалимдер туура эмес тарбия берип, окуучулардын аң-сезимин талкалап, коомду бузат. Мына ушундай нерселер болбош үчүн жогорку окуу жайларынын санын кескин азайтып, сандан сапатка өтүш керек.
Ошондой эле билим берүү министрлигин экиге бөлүп, жогорку окуу жайларды жана орто билим берген техникум, колледж, училищелерди тейлей турган өзүнчө бир министрлик кылыш керек. Анткени, ЖОЖдордун санынын көптүгүнөн билим берүү министрлиги баарын көзөмөлдөй албай жатат. Мектепке чейинки мекемелерге жана мектептерге өзүнчө билим берүү министрин дайындаса, окуу программасын жакшыртып, мектептерде билим берүүнүн сапаты жогорулап, окуучуларыбыздын пайдубалы жакшы куюлмак.
Кыргызстандын жети облусуна бирден же экиден, о.э. Ош, Бишкекке эки же үчтөн окуу жайын калтырса жетет. Анткени, региондордо жергиликтүү университеттерден башка да институттардын филиалдары бар. Ошон үчүн азыр жаштардын көбү “3-4 дипломум бар, бирок жумуш жок” деп жүрүшөт. Иштебегенден кийин 3-4 дипломдун эмне кереги бар? Андан көрө бир эле диплом алып, ошол багытта иштесе болот да. Мына ушундай майнапсыз нерселер кайталанбашы үчүн билим берүү министрлигин экиге бөлүп, илимдин, өнүгүүнүн сапатын жакшыртуу зарыл.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Саны бар, сапатсыз окуу жайлар күндөн күнгө көбөйүп жатканы чындык. Ошон үчүн 4-5 багыттагы тарыхы бар университеттерди гана калтырып, жогорку окуу жай деген атка татыксыз институттардын баарын кыскартып, техникумга айлантып же талапка жооп бербесе, филиал катары бекитип беришибиз керек. Антпесек, училищенин деңгээлинде базасы барлар деле университет деген макам алып, билим берүүнү талкалап жатышат. Өнүккөн мамлекеттерде университет деген наамы бар окуу жайды ачыш үчүн бир канча жылдык тарыхы болушу керек. Ошондой эле окуу жайдын деңгээли өсүп, талапка жооп бергенде гана университет деген макамды беришет. Бизде тарых жаратмак турсун, талапка жооп бербесе деле ар бир облуста университет ачуу адатка айланып кетти. Мына ушул нерсе окуу жайлардын кадырын кетирди.
Ошондой эле жеке менчик окуу жайларга контрагын төлөп, убактысын коротуп окуп, бирок диплому жараксыз болуп, иштей албай жүргөндөр дагы бар. Билим берүү тармагын тартипке келтиребиз десек, ар ким эле университет ачканды токтотуш керек. Коммерциялык багытта билим берүүгө ыктагандар башкалардын убактысын да, акчасын да аяганды үйрөнүшү шарт. Чаржайытыкты токтотуп, жогорку окуу жайларды дагы ревизиялап, иретке келтирүү зарыл. Болбосо сапатсыздык менен талкалап жатабыз. Тилекке каршы, айрым жогорку окуу жайларда лекция окугандан эригип, ксерокөчүрмөнү эле студенттерге “көчүрүп жазып алып, даярданып келгиле” деген сабатсыз мугалимдер да бар экенин угуп, жакамды кармагам. “Лекцияны жөндөп окуй алышпаса, мугалим болуп не кылышат?” деп таңкалгам. Ошон үчүн билим берүүнү эмес, акча табууну гана көздөгөн окуу жайлардын баарын тыкыр текшерип, талапка жооп бербегенин кыскартуу зарыл жана билим берүү системасын сабатсыз мугалимдерден тазалоо керек.
"Азия Ньюс" гезити