Бала Конгантиевди шаардыктар колдобосо да төрдө отурат, өкүнүчтүү!
Бир топ жылдан бери Бишкек шаардык кеңешинен түшпөй, акыры төрага катары шайланууга жетишкен Кубанычбек Конгантиевдин кандай артыкчылыктары бар? Бир кылка саресеп салуу менен жакшы жагын көрүүгө аракет кылсак да, эч кандай жылуу маанайын байкай албадык. Асыресе, атасы Камбаралы Конгантиев кандуу режимде Курманбек Бакиевдин башкы прокурору болгону, агезде коррупциянын арааны жүрүп турганы эсибизде. Баштапкы капитал ошол кезде топтолсо, андан бери гүлдөдү да, туурабы? Бала Конгантиевди шаардыктар анчалык деле колдобойт, бирок төргө отуруп алганын кандайча түшүнөбүз? “Таанышың барда танкасың” лакабы бап келип, бир эсе каражаттын күчү аркылуу улам-улам депутат, төрагалыкка аттап жетип, кылган ишинин дайыны жок, баарыбызга акыл үйрөтө береби? Кечээги бакиевчилерден арылганыбыз менен алардын балдарынан кутула албай, элибиз качанкыга чейин кыйнала берет? Түк түшүнбөйбүз да-а...
"Азия Ньюс" гезити